Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Азербайжандын маданият министри Адил Каримли менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы маданий кызматташтыкты талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Байсалов Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы бир туугандык мамилелерди жана терең маданий байланыштарды жогору бааларын белгиледи. Ал 2024-жылы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Азербайжанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында уюштурулган Кыргызстандын маданият күндөрү ийгиликтүү өткөнүн эске салды.
Ошондой эле, ал 2024-жылдын декабрында Баку шаарында кыргыз тасмасы “Бейиш эненин таман астында” көрсөтүлгөнүн, Бишкекте болсо Азербайжан мамлекеттик пантомима театры Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде даярдалган “Маңкурт” спектаклин тартуулаганын белгиледи. Мындан сырткары, 2025-жылдын 1–5-апрелинде Баку шаарында “Иблис” жана “Коркут Ата” спектаклдери сахналаштырылган.
Эдил Байсалов Азербайжандын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн ачылышына байланыштуу бул сапардын маанилүүлүгүн баса белгилеп, Адил Каримлини 2025-жылдын августунда өтө турган Дүйнөлүк “Рух санат” салттуу маданият жана музыка фестивалына жана 2026-жылы боло турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.
Азербайжандын маданият министри Адил Каримли ыраазычылык билдирип, маданият күндөрү жогорку деңгээлде уюштурулуп жатканын белгиледи.