Эр-Риядда Кыргызстандын кургатылган жемиштерин Сауд Аравиянын рынокторуна экспорттоо талкууланды. Маселе Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов менен BAJA компаниясынын аткаруучу директору Мухаммед Фарха Аль-Гамиди менен жолугушуусунда каралды.
Элчи Марипов BAJA компаниясы менен эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары активдештирүү боюнча өз сунуштарын билдирип, Кыргызстандан импорттоло турган мүмкүн болгон продукция катары кыргыз жаңгактары, кургатылган өрүк (Баткен өрүгү), кара өрүк жана башка кургатылган жемиштерди карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн белгиледи.
Ал эми Аль-Гамиди жакынкы келечекте кыргыз продукциясын Сауд Аравиянын рыногуна мүмкүн болгон экспортун жөнгө салуу максатында кылдат изилдөөгө даяр экендигин билдирди.
Белгилей кетсек, BAJA — бул жаңгактардын, кофенин, чайдын жана ар кандай кургатылган жемиштердин эң мыкты түрлөрүн өндүргөн жергиликтүү компания. Анын Сауд Аравиясынын аймагында 150дөн ашуун филиалы жана 12 000ден ашуун соода түйүндөрү бар.