Башкы беткеМаанилүүРимде Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулду

Римде Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулду

Италиянын борбору Рим шаарында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулду. Бул тууралуу Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык фонддон билдиришти.

Ачылыш аземи 27-февралда Рим шаарында өтүп, ага Эльдар Айтматов жана Италиядагы мекендештер катышкан. Долбоорду ишке ашыруунун үстүндө Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев иш жүргүзгөнү айтылды.

Эстеликти кыргызстандык скульптор Алексей Морозов жасаган.

Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык фонд жазуучунун ысымы Кыргызстандын чегинен тышкары жерлерде да бааланарын, монументтин ачылышы Италияда анын эмгеги терең урматталып, урмат-сыйга ээ болгондугунун ачык далили экендигин белгиледи.

“Чыңгыз Айтматовдун эмгектери 1960-1970-жылдары италиянча которулуп чыккан. Азыр да Италияда жазуучунун китептери басып чыгарылып, италиялыктардын жүрөгүнөн түнөк табып жатат. Эстеликтин орнотулушу – улуу жазуучуга болгон түбөлүк сый-урматтын символу. Жазуучунун мурасы муундарды шыктандырууну улантууда”, — деп кошумчалашты фонддон.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар