whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.05.2025
19.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомСадыр Жапаров санарип сомду улуттук валюта катары бекитти

Садыр Жапаров санарип сомду улуттук валюта катары бекитти

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына кол койду.

Маалыматка ылайык, мыйзамдын максаты улуттук санарип валюта «санарип сом» пилоттук долбоорун ишке киргизүү, ошондой эле анын укуктук негизин жана статусун түзүү болуп саналат.

Конституциялык мыйзамда Кыргызстандын Улуттук банкынын санарип сомдун эмиссиясын жүргүзүү боюнча өзгөчө укукка ээ экендиги, санарип сомду чыгаруу жана жүгүртүү тартибин белгилей ала тургандыгы тууралуу ченемдер каралган.

Мындан тышкары, төмөнкүдөй ченемдер каралган:

– санарип сом – Кыргызстандын аймагында мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналган Кыргыз Республикасынын санарип түрүндөгү улуттук валютасы;

– санарип сом атайлаштырылган платформада санарип формасында жүгүртүүгө чыгарылат;

– санарип сом платформасынын оператору Улуттук банк болуп саналат;

– санарип сом платформасы санарип сомдун эмиссиясы (чыгаруу), эсепке алуу жана жайылтуу үчүн технологиялык жана программалык инфратүзүмдү билдирет;

– Улуттук банк: банктар жана анын көзөмөлүндөгү башка жактар үчүн санарип сом операторунун платформасында төлөмдөрдү жүргүзүү эрежелерин иштеп чыгат жана бекитет;

– санарип сомдун коопсуздугун камсыз кылуу жана алдамчылык бүтүмдөрдүн жана операциялардын алдын алуу үчүн криптокоргоо белгилерин аныктайт;

Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө мыйзамдарына ылайык санарип сом платформасы иштеген чөйрөдө башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

Эске салсак, аталаган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 20-мартында кабыл алынган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар