whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
25.05.2025
21.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүү“Рух-Ордодо” меймандарга улуттук маданиятты тааныткан экскурсия уюштурулду

“Рух-Ордодо” меймандарга улуттук маданиятты тааныткан экскурсия уюштурулду

Президент Садыр Жапаров жана дүйнөдөгү ири криптовалюта биржаларынын бири болгон Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао 3-майда Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий комплексине барышты. Жумушчу сапардын алкагында меймандарга Кыргызстандын маданиятын тааныткан экскурсия уюштурулду.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев комплекс боюнча кыскача тааныштырды. Ардактуу коноктор комуз түрүндө жасалган көркөм пирсти көрүшүп, улуттук аспапта ойноо өнөрүн көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Садыр Жапаров Чанпэн Чжаого белек катары комуз тапшырды.

Иш-чара концерттик программа жана улуттук тамак-аш тартуу менен коштолду. Меймандар максым жана куруттан даам татып, Кыргызстандын ашканасына жогорку баа беришти.

Бүгүн, 4-майда, президенттин төрагалыгы алдында Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча Улуттук кеңештин алгачкы жыйыны өтөт. Ага Чанпэн Чжао да катышары күтүлүүдө.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар