Башкы беткеСаясат жана коомКоомЫсык-Көлдө ат чабыш менен жайкы туристтик сезон ачылды

Ысык-Көлдө ат чабыш менен жайкы туристтик сезон ачылды

Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо алгачкы жолу “Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Кубогу” үчүн ат чабыш уюштурулуп, бул иш-чара 2025-жылдагы жайкы туристтик сезондун ачылышын белгиледи.

Ал кыска аралыкка чабуу, алыстыкка чабуу жана 20 чакырымдык салттуу аламан байгени камтыды. Жалпы байге фонду 4 миллион сомду түздү.

Кыска аралыктагы чабышта 1-орунду ээлеген ат ээсине 600 миң сом, 2-орунга — 150 миң сом, 3-орунга — 80 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылды. Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды өкмөт башчы өзү тапшырды.

Салтанатта сүйлөгөн сөзүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев күлүк ат менен жылкынын кыргыз элинин маданиятындагы терең символдук маанисин белгилеп, этноспортту өнүктүрүү өлкөнүн маданий саясатындагы артыкчылыктуу багыт экенин баса көрсөттү. Ал мындай мелдештер Кыргызстанда ат спортунун жанданышына жана эл аралык маданий байланыштардын чыңдалышына өбөлгө болорун билдирди.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар