whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.05.2025
19.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКыргызстанда суу ресурстары так эсептөөгө алынат

Кыргызстанда суу ресурстары так эсептөөгө алынат

Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институту алдыдагы 5-6 жыл ичинде Кыргызстандагы суу ресурстарынын көлөмүн так аныктоо боюнча масштабдуу изилдөөлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу Илимдер академиясы аталган институттун жетекчиси Рысбек Сатылкановго шилтеме берүү менен кабарлады.

Изилдөөнүн алкагында өлкөдөгү бардык майда жана ири көл, дарыя, суу булактары картага түшүрүлүп, мөңгүлөрдүн аянты жана көлөмү аныкталмакчы. Институт бул үчүн заманбап дрон технологияларын колдонуп, жогорку тактыктагы карталарды түзүүнү көздөп жатат.

«Биз дрондор аркылуу 100 метр бийиктикте жайгашкан аянттарды картага түшүрүп, модулстоп ыкмасы менен суунун көлөмүн эсептеп чыгабыз. Алгач Чоң-Кемин, Аламүдүн, Ала-Арча суулары изилденет. Андан кийин Талас, Нарын жана Ысык-Көл аймактарындагы суу ресурстары эсепке алынат», — деди Сатылканов.

Анын айтымында, быйылкы жылы бул иштерди баштоо үчүн Министрлер кабинети тарабынан каржы каражаты бөлүнгөн. Институт мындай масштабдагы изилдөөнү акыркы жолу 25 жыл мурун жүргүзгөн. Анын бери каржылоонун жетишсиздигинен улам өлкөдө так маалыматтар жок болуп, мекеме жана уюмдардын сандарында айырмачылык жаралган.

Ошондой эле Нарын дарыясынын өзгөрүүсүн изилдөө боюнча чет элдик илимий өнөктөштөр менен биргелешкен программа даярдалып, өкмөткө каржылоо боюнча сунуш берилген. Бул долбоор ишке ашса, алдыдагы эки жыл ичинде Нарын дарыясынын суу көлөмү тууралуу божомолдор даяр болот.

29-апрелде Бишкекте өткөн “Климаттын өзгөрүү шартында Кыргызстанда суу-энергетикалык ресурстарга божомол жана тактоо көйгөйлөрү” аттуу илимий-практикалык конференцияда адистер соңку 100 жылдагы климаттык өзгөрүүлөрдү талкуулашты. Алар мөңгүлөрдү сактоо, жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды коргоо маселелерин көтөрүштү.

Борбор Азиядагы жерди прикладдык изилдөө институтунун маалыматына караганда, акыркы 70 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 16%га, ал эми ири мөңгүлөрдүн аянты 17%га кыскарган.

Мындан тышкары, БУУнун Айлана-чөйрө программасынын быйыл мартта жарыяланган Атласында Кыргызстанда 1960–2023-жылдары орточо аба ырайынын температурасы 1,2°C көтөрүлгөнү белгиленген. Бул өзгөрүү менен катар өлкөдө суу ташкыны, жер көчкү, кар көчкү жана жер титирөө сыяктуу табигый кырсыктардын саны да көбөйгөнү көрсөтүлгөн.

Адистердин айтымында, соңку жылдары климаттын өзгөрүшү менен жаздын белгилери эртерээк билине баштаган. Бул болсо суунун агымы, сактоо жана пайдалануу механизмдерине олуттуу таасирин тийгизет.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар