whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
12.11.2025
8.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыБУУга жаңы “UN80” демилгесин сунуштады

БУУга жаңы “UN80” демилгесин сунуштады

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш уюмдун жаңы “UN80” демилгесин сунуштады. Бул реформа уюмдагы каржылык кризиске жооп катары каралып жатат. Келерки 2026-жылдан тартып БУУнун бюджети 15 пайызга кыскартылып, кызматкерлердин саны да дээрлик 19 пайызга азаят. Бул абал АКШнын төлөмдөрдү токтотушуна байланыштуу күчөдү, анткени бул өлкө уюмдун жылдык бюджетинын 22 пайызын жаап келген. Дональд Трамп кайра бийликке келгенден бери Вашингтон БУУга бир да тыйын которгон эмес. Натыйжада мурда 3,7 миллиард доллар болуп пландалган бюджет 3,24 миллиард долларга чейин төмөндөдү.

“UN80” демилгесинин негизги максаты — уюмду натыйжалуу, жөнөкөй жана заманбап чакырыктарга жооп бере турган кылуу. Бул үчүн кайталанма программаларды жана чыгымдарды кыскартуу, маанилүү багыттарга көбүрөөк көңүл буруу, башкарууну жөнөкөйлөтүү жана ишти ачык-айкын жүргүзүү сунушталууда. Реформа БУУнун ресурстары чектелген шартта да дүйнөлүк кризистерге ыкчам жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн арттырууга багытталган.

Кыргызстан үчүн бул өзгөрүүлөр айрым мүмкүнчүлүктөрдү да, кыйынчылыктарды да жаратат. БУУнун иши жөнөкөйлөсө жана натыйжалуу болсо, Кыргызстанга байланышкан долбоорлор да тезирээк жүрүшү мүмкүн. Ошол эле учурда бюджеттин кыскаруусу социалдык жана өнүгүү программаларынын кээ бирлеринин токтоп калуусуна алып келиши ыктымал. Ушундай шартта Кыргызстан БУУ менен активдүү кызматташып, өзүнүн кызыкчылыктарына тиешелүү долбоорлорду коргоп калууга умтулушу зарыл болот.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар