Башкы беткеМаанилүүПрезидент Садыр Жапаров Глобалдык өзгөрүүлөр институтунун жетекчиси Тони Блэр менен жолукту

Президент Садыр Жапаров Глобалдык өзгөрүүлөр институтунун жетекчиси Тони Блэр менен жолукту

Президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри, учурда Глобалдык өзгөрүүлөр институтунун жетекчиси Тони Блэр менен жолукту. Жолугушууда Кыргызстан менен институттун ортосундагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, өзгөчө бюрократиядан арылуу маселесине көңүл бурулду. Садыр Жапаров Кыргызстандын улуттук долбоорлору тууралуу маалымат берди жана институт сунуштап жаткан реформаларды карап жатканын белгиледи.

Тони Блэр жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, стратегиялык пландарды ишке ашыруу өкмөттөр үчүн эң негизги жана татаал маселе экенин айтты. Ал Кыргызстандын башкаруу системасында болуп жаткан оң өзгөрүүлөргө жогору баа берип, туризм, инвестиция, банк иши жана мамлекеттик башкарууну жаңылоо боюнча өзүнүн тажрыйбасын бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.

Жыйынтыгында тараптар мындан ары да эксперттик диалогду улантып, Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган жаңы демилгелерди карап чыгууну макулдашышты.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар