Мамлекеттик тилдин укуктук статусу жана тарыхый орду

      Байыркы элдин, Борбордук Азиядагы күчтүү этностун бай тили, азыркы учурдагы суверендүү мамлекеттин өзөгүн түзгөн, өлкөгө атын берген титулдук улуттун эне тили жана дүйнөлүк цивилизацияга айырбаштагыс салым кошкон көркөм мурастарды жараткан кыргыз тилине мамлекеттик статус ыйгарган мыйзамдын кабыл алынышына быйыл 36 жыл толуп отурат.

   «Кыргыз тилине мамлекеттик статус ыйгарылышына 36 жыл» деген шарттуу аныктамадан башкасынын баары талашсыз факт, тарыхый чындык.

Мамлекеттик тил кеңири маанисинде — бул улуттун иденттүүлүгүн аныктаган фактор, коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык чөйрөсүндө адамдар ортосунда карым-катнаштын каражаты.

Нака юридикалык маанисинде мамлекеттик тил мамлекеттин аймагында коомдук турмуштун бардык тармагында мыйзамдуу түрдө милдетүү колдонулуучу тил. Бирок мамлекеттик тил жөнүндө укук нормалары азыркы келбетке жана аныктамаларга ээ боло электе, юридикалык жоболорго айлана элек кезде да мамлекеттерде, бүтүндөй империяларда мамлекеттик тил деген мыйзам менен бекитилген расмий статусу жок эле айрым тилдер ошол мамлекеттердин же империялардын мамлекеттик тили болуп кызмат кылып келген.

Мисалы Байыркы Египетте тигил же бул мамлекеттик тил деп расмий аталган эмес, бирок династиялардын алмашышы менен бир нече тил жүздөгөн жылдар бою, акыркы жолу копт тили бир нече кылым бою, арабдар үстөмдүк кыла баштаганга чейин расмий тил катары кызмат кылган. Рим империясында байыркы грек тили менен латын тили колдонулган. Азыркы кезде деле Улуу Британия, Италия, Дания, Швеция сыяктуу айрым өлкөлөрдө тигил же бул тилдин мыйзам менен бекитилген мамлекеттик расмий статусу жок. Бирок бул өлкөлөрдүн мамлекеттик тили жок дегендикке жатпайт, албетте.

Биз да мамлекеттик тил тууралуу кеп кылганда жогоруда саналган тарыхый фактыларды, укуктук, саясий жагдайларды эске алууга тийишпиз. Кыргыз тили мамлекеттин тили катары кызмат кылып келгенине кыргыз мамлекеттүүлүгүнө канча убакыт болсо, ошончо мезгил толду. Мамлекеттик тилдин аткарган функцияларына жараша орду бар.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн узак жана татаал, жылдыздуу же ыңдыны өчкөн, жемиштүү же жеңилүү ызасын тарткан, кең аймакты кучагына алган же бучкактай тарыган, бактыга мол же багы колунан учкан ар кандай кезеңдеринде кыргыз элинин эне тили ошол мамлекеттик түзүлүштөрдүн мамлекеттик тилге таандык функцияларын аткарып келген.

Элдин башын бириктирген интегративдик милдетин кыргыз тили аткарып келгенби? Келген. Болбосо кырк уруу кыргыз бир эл эмес, бүтүндөй империялардын башын жуткан капсалаңдарда чачырап кетпейт беле. Курама жыйып, журт кылган, элди эл кылган тил. Жеңилип, туш-тушка чилдей тараган кезде кыргыз эне тили аркылуу кайра бириккен. Улуу Кыргыз державасы доорунда бул мамлекеттин курамына кирген элдер ушул тилди таанып, ушул тилди колдонгон. Башка мамлекеттер ушул тилди Кыргыз кагандыгынын мамлекеттик тили деп тааныган.

Элдин элдүүлүгүн, иденттүүлүгүн аныктоочу милдетин аткарганбы? Аткарган. Сай-сайда сөөгү калган кыргыздын аман калган урпактары өзүнөн алда канча көп, түмөн-түмөн калың элдердин ичинде жутулуп кетпей калышынын негизги себептеринин бири мамлекети бар элдин, кокус чачыраса кайра эркин мамлекет куруу идеясы оюнан кетпеген, улам бир мууну ушул өтөлгөнү аткарууга аттанган кыргыз улутунун идентүүлүгүнүн түп башаты — тил. Кайран элдин тили мамлекеттик мааниге ээ болгондугунун далили.

Кыргыз тили мамлекеттик тилге мүнөздүү функцияларды — укуктук ченемдерди, мыйзамдарды жаратуу, колдонууга жана тышкы алакага, соода-экономикалык мамилелерге байланышкан административдик жана саясий, дипломатиялык озуйпаларын аткарып келген.

Кыргыз тили мамлекеттик тилдин базалык башка функцияларын — тарбиялоо, окутуу, илим-билим берүү, идеологиялык милдеттерин аткарганы эч кимде күмөн жаратпайт.

Улуу Кыргыз каганаты кыйрагандан кийин кыргыз мамлекети тууралуу кеп кылынбайт, кайсы мамлекеттин кайсы мамлекеттик тилин айтып жатат дечүлөр арбын эле өткөн советтик доордо. Андайлар эми да ичте-тышта аз эмес. Европа, Азия мамлекеттеринин, Россиянын тарыхын окуганда, бир шаарчадан, кыштактан же сепилден турган княздыктар, вечелер, бир коктуну ээлеген графтыктар, королдуктар мамлекеттик түзүлүш да, кыргыздарга келгенде бүтүндөй хандыктар мамлекет эмес, ашып кетсе уруу бирикмелери, «протогосударствого», «зачатки государствага» айланып калат. Ошондой көз караш калыптанып калгандай.

Маселе мамлекеттүүлүк тарыхына карата саясий-идеологиялык көз карашта, методологиялык мамиледе жатат. Бүгүнкү күндөгү мамлекеттин үлгүсүнө салып караган күндө деле бир кыштактай аймакты ээлеген, бир айыл калкы, мамлекеттик тили бар, бирок дүйнө аларды азыркы учурда да мамлекет деп тааныган монархиялар жана республикалар бар экени жалганбы? Кеп элдин санында жана ээлеген аймагында деле эмес.

1924-жылы Кара-Кыргыз Автономиялык облусу болуп түзүлдү. 1926-жылы Кара-кыргыз Автономиялык Советтик Социалистик Республикасы, 1936-жылы Кыргыз ССРи катары кайра түзүлдү.

Демек 1924-жылы Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлүшү, дегеле кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн XX кылымдын башындагы тарыхы тууралуу кеп кылганыбызда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жаңы доордо, жаңы форматта калыбына келиши дегенибиз укуктук, саясий, тарыхый аспектилерден караганда туура.

    Президент С. Жапаровдун Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата кыргызстандыктарга былтыркы кайрылуусунда да ушул аныктама расмий деңгээлде биринчи ирет колдонулду: “Басып өткөн тарыхыбызда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусун, анын кайрадан түптөлүшүнүн оңойго турбаганын кийинки муун сөзсүз билиши зарыл”.

Мамлекет башчысынын “Азыркы Кыргыз мамлекетин түптөгөн аталар жөнүндө” Жарлыгында да кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жаңы доордо, жаңы форматта калыбына келиши деген акыйкат дефиниция да бир жолу расмий түрдө, мамлекеттик документте колдонулду.

Кыргыз АССРнын 1929-жылдагы Конституциясында (1-Конституциясында) кыргыз тилинин мамлекеттик статусу так аныкталган. Ушул Конституциянын 19-статьясында КАССРнын мамлекеттик тили катары кыргыз жана орус тилдери белгиленген. Бардык ченемдик укуктук актылар мамлекеттик ушул эки тилде жарыяланып, иш кагаздары эки тилде жүргөн. Мамлекеттик кыргыз жана орус тилдери тууралуу жобо ушул конституциянын «Кыргыз автоном Советтик Социалисттик Республикасынын герби, желеги жана жайгашкан жери тууралуу» XVI главасында да белгиленип, 94-жана 95-статьясында герб менен желектеги жазуулар эки тилде жазылаары көрсөтүлгөн.

Ошентип кыргыз тилине мамлекеттик тил статусун ыйгарган биринчи конституциялык жобо 1929-жылкы Кыргыз АССРнын баш мыйзамында белгиленген. Бул факт, юридикалык акт. Тарых тактыкты талап кылат, фактыны тааныйт.

Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов сыяктуу даңазалуу муун кайра жараткан мамлекеттин — биринчи республиканын баш мыйзамында кыргыз тили мамлекеттик тил катары конституциялык статуска ээ эле. Ж. Абдрахманов түзгөн жана жетектеген өкмөттүн тушунда Кыргызстанда иштеп жаткан башка улуттардын, айрыкча орус келгиндеринин кыргыз тилин билүүсү актуалдуу милдет катары коюлган, ошого жетишүүгө аракеттер жасалган. Демек мамлекеттик тил жөнүндө юридикалык статусту эне тили бөлөк улуттар үчүн факты жүзүндө ишке ашыруу маселеси олуттуу каралган. Бирок, улут лидерлеринин эркине каршы, проблема чечилмек тургай, оорлоп, күчөйт.

   1937-жылдагы Кыргыз ССРнын Конситуциясында кыргыз тилинин мамлекеттик тил экендиги тууралуу жобо алынып, анын ордуна мамлекеттик кыргыз тилин колдонуу чөйрөсүн тарыткан жоболор менен алмаштырылат. 26-статьяда Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши кабыл алган мыйзамдар эки тилде жарыяланат деп белгиленет. 82-статьяда сот иштерин аймактарда калктын санынан жараша орус, өзбек ж.б. тилдерде жүргүзүү сыяктуу жоболор кошулат.

Ошентип, кыргыз тили мамлекеттик тил деген статусунан айрылган 1937-жыл кыргыз журт башчыларын жок кылган кандуу репрессия апогейине жеткен мезгил экени белгилүү. Андан кийинки, 1978-жылкы конституцияда да кыргыз тили мамлекеттик тил тууралуу статусунан кур жалак калган.

1929-жылкы Кыргыз АССР Конституциясынан кийин туура 60 жылдан кийин гана, 1989-жылы гана кайрадан кыргыз тилине мамлекеттик тил статусу ыйгарылат. Конституция менен эмес, мыйзам менен ыйгарылат. Албетте, Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили — кыргыз тили туралуу 1989-жылкы мыйзам ошол мезгилдин өтө чоң жеңиши, суверенитеттин актысы болгон. Бул мыйзам элдин маанайы көтөрүлүп, шыктанып, жигерденип, жаңы заманга, жакшы турмушка үмүтү артып, өзгөрүүгө, өнүгүүгө ниети бекем кезинде кабыл алынган.

36 жыл ичинде бир топ аракеттер жасалды. Ийгиликтүү ишке ашкан эмгектер оң жемишин берүүдө.

Тилекке каршы, мыйзам кабыл алынгандан кийинки мезгил ичинде кыргыз тили мамлекеттик тил катары бекем орун ээлей албады. Тескерисинче 60 жыл мурдагыдан айырмаланып, башка улуттар эмес, кыргыз улутундагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кыргыз тилин билүү проблемасы жаралды, эне тилин билбеген муун, мамлекеттик тилде сабаттуу жаза албаган, сүйлөй албаган чиновниктердин катмары калыптанды. Анткени көрүлгөн аракеттердин майнабы аз болуп, эмоциялык деңгээлдеги мамиледен, эсептелбеген, такталбаган кадамдарга караганда декларативдүү ураан-чакырыктар, популисттик маанайдагы иштер басымдуулук кылгандай. Эми кемчиликтерди тизмектеп, жер сабап отура берүү дурус натыйжа бербейт. Парламентке шайлоолор келе жатат. Демек тез саясатташууга жөндөмдүү, кылдат мамилени талап кылган тил маселесин талапкерлердин куру популисттик ураандарына айлантууга жол бербей, алдын ала кадамдар жасалганы оң.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасы бар. Мамлекеттик тил мамлекет тарабынан колдоого муктаж. Калкынынын саны аз, башка тилдердин таасири күчтүү, ааламдашкан заманда бизге окшош өлкөлөрдө мамлекеттик тилдин атаандаштыкка туруштук берүү сапатын арттыруу олуттуу саясий стратегия болууга тийиш. Мисалы, англис, кытай, француз, испан, орус тилинде жүз миллиондогон адамдар сүйлөп, билүүгө умтулуп жатса да, бул тилдердин дүйнөлүк масштабдагы жана деңгээлдеги расмий статуска ээ экенине карабай, Англия, Франция, Испания, Россия өз мамлекеттеринин тилин өнүктүрүү, жайылтуу үчүн болгон аракетин көрүп келет.

Мамлекеттик тил, дегеле тил саясатын ишке ашырууда тилдин абалы, колдонуу чөйрөсү, социалдык-экономикалык жагдайлары, тоскоолдуктар жана аларды жоюунун жолдору сыяктуу орчундуу маселелер ар тараптуу изилденүүгө тийиш. 2011-жылдан бери тилдин абалы боюнча олуттуу изилдөө жүргүзүлө элек.

Кыргызстандын калкынын канча пайызы үчүн мамлекеттик тил эне тили болуп эсептелсе да, канчасы эне тилин билет? Канча бала мамлекеттик тилде бала бакчада билим-тарбия алат? Канча өспүрүм мамлекеттик тилде мектепте окуйт, канча адис жогорку окуу жайында мамлекеттик тилде кесипке ээ болот деген сыяктуу суроолорго так жооп алышыбыз керек. Жагдайдын себептери кайсылар, кырдаалды кантип жөнгө салабыз, канча убакытта, канча каражатка, кандай жол менен чечебиз деген өңдүү маселелер даана аныкталууга тийиш. Тилди үйрөнүүдөгү негизги факторлор — бул мотивация, интенция, программа жана тажрыйба. Бул классикалык эреже. Эми ушул 4 фактордун биздеги абалы кандай, ар бири жана баары биригип биздин элге кандай деңгээлде таасир этет? Олуттуу изилдөөгө негизделбеген ар кандай саясат ийгиликсиз болоору турулуу иш.

Экинчиден, тил саясатын аныктаган мыйзамдар тутуму анализдин предмети болуусу жана тиешелүү мыйзамдарга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кадамдар так аныкталуусу абзел. Абай салган кишиге мыйзамдарда деле анча айып жоктой. Кептин баары алардын аткарылышында окшобойбу.

Үчүнчүдөн, мамлекеттик тил расмий статусун реалдуулукка айланта турган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жазуу жана сүйлөө туташ сабатсыздыгы проблема экенин моюнга алып, алардын сабаттулугун арттыруу боюнча комплекстүү аракеттер жасалууга тийиш. Кыргыз Республикасында калктын 74,6 % кыргыздар болсо да, ошол кыргыздарды эне тилин, мамлекеттин мамлекеттик тилин билүүгө үгүттөп, үйрөтө албай убара тартып келүүдөбүз. Унитардык, суверендүү мамлекеттин өзөгүн түзгөн, өлкөгө атын берген, өз алдынча мамлекет болууга тарыхый укугу бар элге анын эне тилинде, кыргыз мамлекетинин жарандарына Конституциялык укукка ээ мамлекеттик тилде сабаттуу жана сапаттуу кызмат көрсөтүүгө милдеттүү кызматкерлердин тил сабаттуулугун көтөрүү орчундуу проблема.

Мына ушуга окшогон маселелер эмоция деңгээлинде, декларация мүнөзүндө эмес, жоопкерчиликтүү, салмактуу саясаттын предмети болгону жана программалык негизде ырааттуу ишке ашканы туура болмокчу.

 

Алмаз Кулматов

 

Акыркы гезиттер

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной торговле, поэтому любое...

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн өнүгүүсүнүн азыркы этабына...

Кыргызское ускорение

Источники, пределы, риски        За последние пять лет Кыргызстан прошёл через фазу, которую уместно называть не просто ростом, а ускорением. Среднегодовые темпы увеличения ВВП в 2022–2025 годах превысили...

Каргыш

Матай мырзанын колуна Ак жал күлүк тийгенден баштап, мартабасы артып, батышынан Кетмен-Төбөнүн чынжырлуу манаптары Рыскулбектин уулдары, түндүгүнөн Суусамыр болуштугунун мыктылары, чыгышынан боркемик, чекир саяктын чоң манаптары, түштүк-батышынан...