Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш эскертүү таратты.
Маалыматка ылайык, 11–13-февраль күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү жана кар күрткүсү пайда болуу коркунучу жогорулайт. Өзгөчө төмөнкү унаа жолдорунда этияттык талап кылынат:
- Бишкек — Ош унаа жолунун
121–138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу),
198–255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы),
Ала-Бел ашуусунда; - Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55–115-чакырымдарында;
- Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 45–112-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);
- Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0–3-чакырымдарында;
- Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык унаа жолунун 97–98-чакырымдарында;
- Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 292–305-чакырымдарында (Долон ашуусу);
- Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45–90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу).
Министрлик жолдор тайгак болуп, муз тоңушу мүмкүн экенин эскертет. Айдоочуларга унаалардын ортосунда кеминде 500 метр аралыкты сактоо, ылдамдыкты азайтуу жана мүмкүнчүлүк болсо, тоолуу ашуулар аркылуу жолго чыкпоону сунуштайт.

