Зумерлер – «жоголгон муун” эмес, “башкача” муун

 РЕДАКЦИЯДАН: “Биздин жаштар кандай максаттарга умтулат. Кай дөөлөттөрдү барктайт, кандай нравалык принциптерди туу тутат, эмнени чанат, нени кадырлайт, кыйратары не, жаратары эмне? – деген сымал талылуу маселелер бизди түйшөлтөт. Түйшөлтүүгө тийиш. “Идет племя младое, незнакомое” деп Александр Пушкин таасын айткандай, Z-муундун түрпөтүн дурус билген киши аз, бирок дүбүртү катуу. Ушул тапта Z-муун дүйнөнүн булуң-бурчунда ар кайсы өлкөнү солкулдатып жибергенин көрдүк го. Биздикилердин дабышы угулбайт, карааны анча билинбейт. Алеки саатта “дүрт” деп чыга калышы да ыктымал. Биз алар нааразы болуп бет мандайыбызга келгенде калдастап калбаш үчүн алардын кызыкчылыктарын, умтулган мүдөөлөрүн, кыял-жоругун, кыйнаган проблемаларын жакшы билишибиз кажет. Бирок ушул маселелерди дурус билбейбиз, атаганат. Социологиялык, политологиялык, культурологиялык жана башка өңүттөрдөн карап, терең жана комплекстүү изилдөөлөр керек. Z-муундан кийинкиси андан бетер табышмак. Ал да биздин акыл түйшүктүн предмети болмогу абзел” деп жазган “Кыргыз Туусу” (https://kyrgyztuusu.kg/archives/32436).
     Флешмоб, утурумдук мамиле кылбай, биздин гезит бул ары татаал, ары табышмак маселеге кайрылып турмакчы.
      Ошону менен «зумерлерди»: технологияга ашыкча көз каранды, социалдык көндүмдөрү начар, стресске туруксуз жана турмуштук кыйынчылыктарга даяр эмес, эмгекке болгон мамилеси жеңил жана жоопкерчиликсиз, башкача айтканда «жоголгон муун» деп эсептегендер арбын.
     Ошол эле учурда «зумерлердин» мүнөзү асмандан түшкөн жок, алар өздөрү жашаган чөйрөнүн туундусу деген да пикирлер бар. «Булар тарыхтагы эң чоң маалымат агымында жашаган биринчи муун. Глобалдык кризистерди, согуштарды жана экологиялык көйгөйлөрдү 24/7 режиминде көрүп туруунун таасиринде өскөндөр. Булар — «жоголгон муун» эмес, жөн гана «башкача» муун. Алар эскирген системанын каталарын ачык айтып, жаңы дүйнөнүн эрежелерин түзүп жатышат. Алардын мүнөзү заманбап дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө болгон реакция. Экономикалык туруксуздук, экологиялык кризис, маалыматтын ашыкча көптүгү жана эскирген билим берүү системасы аларды башкача ой жүгүртүүгө мажбур кылды. Аларды «жоголгон» эмес – мурунку муундардын каталарынан келип чыккан жаңы шарттарда жашоого ыңгайлашкан, системалык көйгөйлөргө адаптация болгон муун катары карасак туура болот», — деген ойлор да айтылат коомдо.
     «Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун» дегендей, ушул темада олуттуу ойлорун басма сөздөргө жарыялап келаткан  саясат таануучу Асел Өмүракуновага кайрылып, зумерлер мууну тууралуу кеңири айтып берүүсүн өтүндүк.

Бүгүнкү күндө «зумерлер» жөнүндө көп сөз болууда жана дээрлик терс маанайда айтылып келет. Аларды жоопкерчиликсиз, ыкшоо, назик, инфантилдүү, көп иштегиси келбеген, сынды көтөрө албаган жана кичине эле ыңгайсыздык жаралса иштеген жумушун таштай качкан муун катары сүрөттөшөт. Болжол менен 1995-1997-жылдан 2009-2013-жылдарга чейин төрөлгөндөрдү  Z мууну же зумерлер деп аташып, турмушка туруктуулугу жок «жоголгон» муун катары айтып калышат.

Бирок менин жеке тажрыйбам таптакыр башка көрүнүштү көрсөтүүдө. Бул жылы негизги жумушуман сырткары жогорку окуу жайда иштеп, саясат таануу курсунан лекция окуп жатам. Студенттеримдин арасында Жалпы республикалык тестирлөөдөн көп упай алып, бюджеттик негизде окууга киргендер бар: 170, 180, 190 жана андан жогору упай алгандар. Бул жөн эле сандар эмес, мындай жыйынтыктар мектеп курагында эле калыптанган жогорку деңгээлдеги үйрөнүү жөндөмүнөн, интеллектуалдык тартиптен жана системалык жоопкерчиликтен кабар
берет.

Формалдуу түрдө бул студенттер төрөлгөн жылы боюнча зумерлер, бирок өздөрүнүн сапаттары, аракеттери менен зумерлер тууралуу калыптанган стереотипти толугу менен жокко чыгарышат: алар жакшы окушат, иштегенге жетишишет, университеттин жашоосуна активдүү катышышат. Коомдук жана билим берүү долбоорлорунан калышпай, белгилүү бир милдеттенмелерди да алышат жана ишти аягына чыгарышат. Кеп бир гана саналуу учурлар жөнүндө эмес, булар бир нече тайпалар: биринчи курстан төртүнчү курска чейин жана магистранттар. Башкача айтканда, «типтүү зумер» деген штамп менен сүрөттөө такыр мүмкүн болбогон бир нече агымдагы студенттер. Алар мотивациялуу, жоопкерчиликтүү жана аракет менен натыйжанын ортосундагы байланышты эң сонун түшүнүшөт.

Параллелдүү түрдө студенттердин башка категориясы да бар – айтылган тестирлөөдөн төмөнкү өтмө упай (110-115) алышып, келишимдик негизде акча төлөп окугандар. Эмнегедир дал ушул жерде «Z муунуна»  таңууланган көйгөйлөр көбүрөөк байкалат: окууга болгон мотивациянын төмөндүгү, программанын татаалдыгына даттануулар, жоопкерчиликти башкага оодаруу, милдеттерди аткарууга даяр болбой туруп, дайыма укуктарын талап кылуу ж.б. Бул карама-каршылык жөнөкөй, бирок жагымсыз тыянакка алып келет: биздин алдыбызда муун маселеси эмес, чындыгында билим берүүдөгү тандоо жана көндүмдөр калыптанган чөйрө маселеси
турат.

Кененирээк карасак, университеттерге мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жарымынан бир аз көбү гана тапшырат. Калгандары жогорку окуу жайга же өтпөй калышат, же босого упайдан өтүп киргени менен, окууну аягына чыгарышпайт. Ошондо негизги суроо туулат: биз кимдерди «зумер» деп атап жатабыз? Белгилүү бир мезгилде төрөлгөн бардык жаштарбы же билим берүүнүн системалык көйгөйлөрүнүн, сапаттуу билимге тең эмес жеткиликтүүлүктүн курмандыгы болгондордубу?

Мага «зумерлер» бир бүтүн жана бир тектүү топ катары такыр эле жоктой сезилет. Бул – болуп жаткан иштердин чыныгы себептерин изилдеп көргөндүн ордуна, «ушундай муун болуп калды» деген шылтоо сыяктанат. Биз муундардын кагылышуусуна эмес, билим берүүнүн төмөндөшүнүн кесепеттерине, күчтүү жана алсыз мектептердин ортосундагы ажырымга, ар кандай баштапкы шарттарга жана жоопкерчиликтин ар кандай маданиятына туш болуп жатабыз.

Жоопкерчилик эч качан төрөлгөн жыл менен аныкталбайт. Муундардын аталышына карай карап көрсөк, миллениалдардын (1981–1996) арасында да жоопкерчиликтүүлөр жана жоопкерчиликсиздер бар. Бумерлерде (1946–1964) деле так ушундай көрүнүш. Алардын ортосунда, айта кетсек, дагы бир муун бар, аларды X мууну же «иксерлер» (1965–1980) деп аташат. Иксерлер төрөлгөндөн баштап интернетсиз чоңоюшкан, бирок санариптик доорго бойго жеткен куракта киришкен. Алар жөнүндө сөз болгондо өз алдынчалыкты, карьераны жана туруктуулукту айтышат, тез өзгөрүүлөргө ыңгайлаша алышат дешет. Бирок алар жөнүндө бумерлерге, миллениалдарга жана зумерлерге караганда азыраак сөз болот.

Дагы бир маанилүү жагдайды эске албай коюуга болбойт. Биздин өлкөдөгү зумерлердин олуттуу бөлүгү ата-энелеринин эмгек миграциясынын шартында чоңойду. Ата-энелери айлап-жылдап жок болуп, балдар иш жүзүндө «социалдык жетимге» айланып, күнүмдүк жоопкерчиликтин, туруктуу эмгектин жана ата-эненин кесипке болгон мамилесинин үлгүсүн көрө албай калышкан. Бул жерде бүтүндөй муун тууралуу эмес, чоңоюп жаткан чөйрө жана үлгү боло турган моделдердин тартыштыгы жөнүндө айтыш керек го дейм.

Муундардын ортосундагы айырмачылык көбүнчө баалуулуктарга эмес, жүрүм-турумдун алгылыктуу формаларына барып такалат. Мурун чыдамдуулук кадыресе көрүнүш эле: айлап айлык күтүү, ашыкча суроо бербөө жана «кызмат ордун кармануу». Бүгүн жаштар өз чек араларын көбүрөөк белгилешет жана «ушундай болушу керек» деген эрежелерди кабыл алышпайт. Ошондуктан,  «зумерлер ушундай» деп айтуудан мурун, негизги чындыкты моюнга алуу керек: көйгөй  муунда эмес, системада жана чөйрөдө.

Дагы айтсак, жакында активдүү социалдык жана кесиптик жашоого кийинки муун – альфа (2013-жылдан баштап төрөлгөндөр) кире баштайт. Алар толук санариптешкен жана жасалма интеллект дүйнөсүндө, гибриддик окутуу жана тез өзгөрүп жаткан реалдуулук шартында чоңойгондор. Биз аларды эмнеге даярдаш керектигин билбейбиз. Эгерде биз татаал структуралык жана системалык көйгөйлөрдү «ушундай муун болуп калды» деген жөнөкөй логика менен түшүндүрүүнү уланта берсек, анда бир нече жылдан кийин коом – бүгүнкү айтылып жаткан  нааразычылык менен  «альфаларды» талкуулай баштайт.

Менин оюмча, маселе алардын кандай болорунда эмес. Маселе — биз бүгүн алар үчүн кандай чөйрө түзүп жатабыз – ушунда. Ал эми жаңы муундун аталыштарына эмес, алардын калыптануу себептерине тике караганга даярбызбы, мына ушул жагын да карап көрсөк.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
«Кыргыз Туусу»

 

Акыркы гезиттер

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп болгону талашсыз. Анткени,...

«Бала ырысы” жаңы жөлөк пулу ата-энеге кандай жардам берет

           Кыргызстанда балдарды социалдык жактан колдоонун жаңы түрү киргизилгени турат. Садыр Жапаров үч жашка чейинки бардык балдарга ай сайын берилүүчү “Бала ырысы” жөлөк...

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной торговле, поэтому любое...

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн өнүгүүсүнүн азыркы этабына...

Кыргызское ускорение

Источники, пределы, риски        За последние пять лет Кыргызстан прошёл через фазу, которую уместно называть не просто ростом, а ускорением. Среднегодовые темпы увеличения ВВП в 2022–2025 годах превысили...