«Окурман журтту кайра жаратуу»

0
4141

Кыргыз Республикасында китеп басып чыгарууну, которууну жана окууну колдоо боюнча мамлекеттик программанын концепциясынын долбоору иштелип чыкты. Анда китеп басып чыгаруу, которуу жана окууну колдоо багытында системалуу мамлекеттик мамиленин жоктугу — кыргыз тилиндеги сапаттуу адабияттын жетишсиздигине; китеп сактоочу жайлардын заманбап басылмаларга жеткиликтүүлүгүнүн чектелишине; котормо жана басма долбоорлорунун өтө алсыздыгына; кыргыз адабиятынын дүйнөлүк тилдерде жетишсиз которулушуна алып келгени белгиленип,  программанын максаты – кыргыз тилин өнүктүрүүнү, окууну колдоону жана кыргыз адабиятын дүйнөлүк маданий жүгүртүүгө интеграциялоону камсыз кылуучу китеп басып чыгаруунун, которуунун, жайылтуунун жана адабий тексттерди санариптик сактоонун туруктуу улуттук системасын түзүү экени айтылган.

Жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезити китеп окуу маданиятын калыптандыруунун актуалдуу маселелерин талкулоо максатында “Окурман журтту кайра жаратуу” аттуу тегерек үстөл өткөрүп, ага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Кыргыз тили редакциясынын директор-башкы редактору Жапар уулу Орозалы, Мамлекеттик китеп палатасынын директору Койчуман Момункулов,  Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрага орун басары Керимбек Кадыракунов, «Нуска» китеп борборунун жетекчиси Анархан Садыкулова, жазуучу, котормочу, журналист Токтошов Капар, «Азаттык Медиа» радиосунун директору Бакыт Асанов, “Бугупресс агенттиги” ЖЧКсынын директору Жаныбек Абидетегин катышты.

– Урматтуу бүгүнкү тегерек үстөлдүн катышуучулары, кеч болсо да, китеп басып чыгарууну, которууну жана окууну колдоо боюнча мамлекеттик программанын концепциясынын долбоору иштелип жатканы кол-доого арзыйт. Жашырганда эмне, эгемендүүлүктүн 33 жылында бул маселе көңүл сыртында калып, бирде таптакыр эле унутулуп калса, бирде жарым-жартылай чечимдер кабыл алынып, дээрлик иш ордунан козголгон эмес. Натыйжада, бир кезде миңдеген аталышта жүз миллиондогон нускада, айталы, 1926-75-жылдары 157,7 млн. нускада 24 242 китеп жана китепче чыгарылган Кыргызстанда китеп басып чыгаруу ишмердиги мышык ыйларлык абалга келген. Андыктан сиздер менен мына ушул олуттуу маселени талкуулап, өз ой-пикирлерибизди, сунуштарыбызды айтсак деген максатты көздөп жатабыз, анда Кыргызстандагы жападан жалгыз кыргыз китеп дүкөндүн – «Нуска» китеп борборунун жетекчиси Анархан Садыкулова эже сөз баштап берсе.

 

Анархан САДЫКУЛОВА, «Нуска» китеп борборунун жетекчиси:

– Сөз болуп жаткан концепцияга берилген негиздемеде: “Китеп жана окуу – тилди өнүктүрүүнүн, маданий уламалыктын жана мамлекеттин интеллектуалдык көз карандысыздыгынын негизги элементтери болуп эсептелет деп ак-карасынан жазылып турат. Чындыгында да, китеп басып чыгаруу жана китеп окуу чоң эсептен алганда мамлекеттик идеологиянын ажырагыс бир бөлүгү жана китеп басып чыгаруу иши буга чейин жол берилип келгендей башаламан жана өз алдынча жүрбөшү керек.

Мен “Нуска” китеп дүкөнүн негиздегениме 29 жыл болду. Көп кыйынчылыктар менен 1998-жылы негизделген. Анын баарын айтып отурбайын. Кудайдын бир кудурети менен сакталып келатат. Ачык айтып коюшум керек, азыр мамлекеттин колдоосу жок кыргыз китептеринин дүкөнүн ачуу кыйын. Жеке менчик, рынок шартында, бизнестин башка түрлөрү менен китеп соодасы атаандаша албайт. Бул өзүнчө маселе.

Эми китеп окуу деп жатпайбызбы, мен китеп дүкөндүн ээси катары китеп окугандар жок эмес, бар деп ишенимдүү айта алам. Эгер, окурмандар келбей калса, “Нуска” китеп дүкөнүнүн иши капкачан эле токтомок. Анан да акыркы эки жылда окурмандар мурдагыдан көбөйүп калды. Мен муну салыктарды төгүп, авторлордун китебинин акчасын кайтарып берип жатып билип жатам. Демек, “Нуска” сыяктуу кыргыз китеп дүкөнүнүн да келечеги бар деп ойлойм. Окурман журту түп орду менен жоголуп кеткен жок.

“Нуска” токтоп калбайт. Пландар бар окурманды көбөйткөнгө. Эми минтип программа түзүп, мамлекет китеп чыгаруу жана китеп окуу ишин колго ала турган болсо, анда окурмандардын саны азыркыдан да көбөйөт деп айта алам. Эсиңердеби, бир мезгилде мамлекеттик мекемеде иштеген кызматкерлер гезит-журналдарга милдеттүү жазылышчу. Анын сыңарындай, азыр китеп окурмандарынын санын көбөйтүү үчүн мына ушул милдеттүүлүк ыкмасын колдонууга эмнеге болбосун. Элибиз улуттук тарыхый чыгармаларды, адабий чыгармаларды окубай, улуттук аң-сезими курчубайт, улуттук аң-сезими, улуттук ар-намысы ойгонбойт. А ааламдашкан мезгилде биз өлкөнүн ар бир жаранына улуттук баалуулуктарды сиңирмейин, кантип толук кандуубуз деп айта алабыз.

Дегинкиси, китеп окуу кийинки этап. Эң оболу, китеп чыгаруу маселеси. Азыр ким акчасын көтөрүп барса, басмакана аларды эч ылгабай эле басып жатат. Басмакана китептин мазмуну үчүн жооп бербейт. Эми китептеги грамматикалык каталарды айтпай эле коеюн. Менимче, биз эч ылгабай китеп чыгаруу мезгилинен өттүк. Көркөмдүк жагынан сапатсыз жана грамматикалык каталарга толтура китептерди чыгарууга мамлекет тыюу салышы керек. Бир сөз менен айтканда, китеп басып чыгаруу мамлекет тарабынан жөнгө салынууга тийиш. Бул үчүн илгеркидей, мамлекеттик басмалар зарыл. Китептер мамлекеттик басмалардын уруксатынан кийин гана басылууга тийиш.

Бир жолу бирөө “Нускага”  китеп алып келди. Окусам Түгөлбай Сыдыкбековдун “Тоо арасындагы” романынын үчтөн бирин көчүрүптүр, анан эле аягы аңчылык жөнүндө окуя менен уланып кетиптир. Түшүнбөй калдым. Анан тиги автор келиптир китебинен кабар алганы. Мен “Көчүрүп алыпсың го. Аягы жок, башы жок” десем, “Сиз биерде отуруп алып, авторлорго сын бергениңиз кандай. Сатканды билбейсизби” дейт. Мына ушундай авторлор пайда болду. Мындай көрүнүштөр окурманды иренжитет, көңүлүн кайт кылат. Китеп басып чыгаруу мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып калды. Бул туура эмес. Мамлекет китеп басып чыгаруу ишин колго алып, биздин окурмандар үчүн керек китептерди гана чыгарууга тийиш. Бул да идеологиянын бир бөлүгү. Ошондой эле мамлекет  котормо ишин өз колуна алып, кандай китептерди которушубуз керек, кимдер которушу керек деген маселесине да кийлигишпесе болбойт. Дүйнөдө миңдеген авторлор бар, жылына миңдеген чыгармалар жазылып, китептер чыгып жатат. Анын арасында баары эле биздин улуттук кызыкчылыктарыбызга туура келет деп айтканда болбойт.

Китеп дүкөнгө келген окурмандар арасында: “Кандай китеп окуйлу, эмнени сунуштайсыз. Сатып алабыз, үйгө алпарып окусак эле, сырты жылтырак, мазмуну калтырак” дегендер да болот. Мунун өзү мамлекеттик басма керек деген сөз. Аерде жакшы редактор отуруп, окурманга керектүү чыгарманы китеп кылып чыгарууга сунуштаса, басмаканаларда жакшы корректор отуруп, катасын текшерсе гана, сапаттуу китептер чыгат. Ошондо гана тилибизди өнүктүрө алабыз. Болбосо, азыркы кетиште мамлекеттик тилди бузуп, тамтыгын чыгарып салышыбыз бат эле.

Мурда китеп дүкөнгө киргендер аз болчу. Азыр күндөн күнгө көбөйүп жатат. Көбү “Балдарыбыздын тили келегей болуп, сөз байлыгы аз, кандай китепти сунуштайсыз?” дейт. Мына көйгөй кайда? Минтип биздин окурман келечек муундун тили, тил байлыгы үчүн санааркап келсе, биз аларга сабатсыз китептерди кантип сунуштайбыз. Бул улутка болгон чыккынчылык эмеспи. Мен алардан: “Өзүң кандай китепти окуп жатасың, аялың кандай китепке кызыгат?” деп сурайм. Ата-энеси китепти өзү окубай, кантип аны балдарына сунуштайт. Үй-бүлөдө кандайдыр бир баалуулуктар болушу жана ал кый-шаюусуз сакталышы керек да.

Дагы да айтам, китеп басып чыгаруу ишинде эң башкы көңүл улуттук жана үй-бүлөлүк баалуулуктарга бурулууга тийиш. А аны тартипке сала турган мекеме – мамлекеттик басма болушу керек. Басма ишин тартипке салбай, китеп чыгаруу жана китеп окуу ишин сөз кылып бекер. Биз улуттук китеп дүйнөсүнө үй-бүлөлүк жана улуттук кызыкчылыктарга дал келбеген, каршы келген адабияттарды апкелбешибиз керек. Анда эле мамлекеттин акчасын ага каршы пайдаланган болуп калабыз.

Койчуман МОМУНКУЛОВ, мамлекеттик китеп палатасынын директору:

– Мен китеп тармагында иштеп баштаганыма 20 жыл болуп калды. Китепканалардын фондун толуктоо үчүн 2007-жылы бир жолу 3 млн. сом берилген. Ошондон кийин унутта калганбыз. Азыркы бийлик келгени китепке жакшы эле көңүл бурулуп жатат. 2022-жылы 30-декабрда китепканаларга белек беришибиз керек, 5 млн. сомдун китебин тапкыла деп, 5 млн. сом бөлүнгөн. Китепканаларга белек берилген. 2023-жылы жазуучулар союзуна 15 млн. сом бөлүнүп, анын ичинен 10 млн. сомго 50 аталыштагы 50 китеп чыгарылып, китепканаларга таратылды. 2024-жылы Улуттук китепканага 19 млн. сом бөлүнүп, 100 аталыштагы 100 миң китеп таратылды. 2025-жылы китеп палатасына 17 млн. сом бөлүнүп, 105 аталыштагы китептер китепканаларга толук жеткирилип берилди. Анын ичинде Ч.Айтматовдун 12 томдугу орус тилинде миң нуска менен жарык көрдү. Мындан тышкары 1 млн. сом “Көөнө тарых сырлары” деген тарыхый төрт китеп басылып чыкты. Музыкалык мектептер үчүн 1 млн. сомго окуу китептери басылып чыгып жатат.

Бу китептерди чыгарууда биз эмнелерге таяндык? “Таланттууларды көтөрүү керек, талантсыздар өздөрү эле чыгып алат” деген сөз бар. “Менин китебимди чыгаргыла” деп келгендер өтө эле көп. Кандай деңгээлде жазылып жатат, аны авторлор өздөрү билет. Одоно укмуштай нерселер бар. Таластан бир аксакал киши келиптир, “Иним экенсиң, менин китебиме редактор болуп бер” деп. Ар бир бетинде бештен таластыктарча сөгүнгөн сөз бар экен. “Аке кечириңиз, муну бүт элге жайылтпай эле коелу” дедим. Десем, мени сөгүп алып кетти. Анысын китеп кылып чыгарып алып, эми мектептин атын “менин атымдан койгула” деп, чатак салып жүрөт ал киши.

Биз көп жылдардан бери китепканачылардан “Окурмандар кандай китепти окууну каалайт? Кайсы авторду сурап жатышат?” деп сурамжылоо жүргүзүп келебиз. Ошонун негизинде 400гө жакын чыгарманын аталыштарын топтоп койгонбуз. Бул жолу китеп чыгарарда көркөм-редакциялык кеңеш түздүк. Министрдин тапшырмасы менен. Көркөм кеңешти Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов агайыбыз жетектеди. Курамында Эсенбай Нурушев, Кыргыз эл акындары Кыялбек Урманбетов, Жедигер Саалаев, философия илимдеринин доктору Баяс Турал болду. Баш аягы 10дон ашык киши кирди. Биз сунуштаган 400гө жакын китептин ичинен 100дү тандап беришти. Андан арткан акчага дагы 3-4 китеп чыгарып алдык.

“Кыргыз Туусу”: Сиздерде китеп чыгаруу боюнча ыйгарым укук барбы?

Койчуман Момункулов, мамлекеттик китеп палатасынын директору:

– Министрлик тапшырма бергенден кийин, биз министрликтин тапшырмасын аткарып жатабыз. Бул жолу Токтогул сыйлыгына татыктуу болгон чыгармалар чыкты. Унутта калган Какен Алмазбеков, Райкан Шүкүрбеков, Мидин Алыбаевдин китептерин чыгардык. Китептердин бет ачарын өткөрдүк. “Китептерди ким тандады?” деген бир-эки жазуучу болду. Мен аларга 100 китепти көрсөтүп, “Мына ушулардан мыкты болсоңор, көрсөткүлө ошол чыгармаңарды, мен жеңилип берейин” дедим. Эч нерсе көрсөтө алышкан жок. Нааразы болгондор да ыраазы болуп кетишти. Президентке чейин кат жазып, “Мен кыйын, меники эмнеге чыкпайт?” – дегендер бар.

Кыскасы, 105 аталыштагы 105 миң нуска китеп чыкты. Азыр республикада миңдин тегерегинде китепкана бар. Ошолорго таратылып берилди. Өкмөт кийинки жылдары китеп тармагын жакшы колдоп келатат.

Ал эми “Китепти кантип окутабыз?” деген маселе боюнча сунуш жазгам. “2026-жылды маданият министрлиги окурман жылы деп жарыяласын. “Жылдын мыкты окурманы” деген республикалык конкурс өткөрөлү. Мамлекет тарабынан чыгарылган 100 китепти окуп чыккан окурманга бир миллион сом байге бербейлиби. Айылдык, райондук, облустук деңгээлде өткөрүп, анан республикалык деңгээлде өткөрсөк” деп. Албетте, конкурстун жобосунда майда-чүйдөсү, кандай китептер, кайсы авторлорду окуу боюнча жазылат деңизчи. Миллиондогон окурман пайда болот го деген ой болгон. Долбоор колдоо тапкан жок.

Алматыда, Москвада өткөн китеп көргөзмөлөрүндө Кыргызстанда ушундай демилге көтөрүп жатабыз деп айткам. Бүгүнкү күнү Москва, Алматы ушул дол-боорду алып кетти. А биз калып калдык.

Китеп дүкөндөрүн ачыш керек. Китеп да товар. Ал сатылыш керек. Бул боюнча токтом, жарлыктар бар. Бирок… Айталы, 2010-жылы “Кыргызкитеп” мамлекеттик ишканасы ачылсын, аны менен бардык айыл өкмөт келишим түзүп, жеке адамдар менен келишим түзүп, китеп сатуу жайларын ачсын деген президенттин жарлыгы чыккан. Мыйзам турат, бирок бул мыйзамды эч ким тоготкон жок. Эч ким иш алпарбады. Мен башка жакты айтпай эле коеюн, Бишкектин төрт районунун жетекчисине “Кандай китеп сатуу жайын уюштурдуңар?” десем жооп берген жок. “Катыма жооп берген жоксуңар” деп кат жазсам, буга да жооп бербеди.

“Кыргыз Туусу”: Кыргызкитеп” мамлекеттик ишканасы бар эле. Иштеп жатабы?

Койчуман Момункулов, мамлекеттик китеп палатасынын директору:

– Бүгүнкү күндө ал ишкана жоюлуп кеткен.

Керимбек Кадыракунов, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрага орун басары:

– Менде бир суроо бар. Токтогул атындагы сыйлыкка татыктуу чыгармаларды чыгарып жатабыз дегендей болдуңуз. Сиз түзгөн көркөм-редакциялык кеңеш Токтогул сыйлыгына татыктуу деп жыйынтык чыгарган ыйгарым укугу барбы?

Койчуман Момункулов, мамлекеттик китеп палатасынын директору:

– Сиз мени туура эмес түшүнүп алдыңыз. Токтогул сыйлыгына татыктуу болгон, сыйлык алган чыгармаларды китеп кылып чыгардык.

Керимбек Кадыракунов, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрага орун басары:

– Бул башка маселе. Экинчи суроо. 105 миң нуска китепканаларга таратылды да.

Койчуман Момункулов, мамлекеттик китеп палатасынын директору:

– Ооба.

Керимбек Кадыракунов, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрага орун басары:

– Бул китептер сатыкка чыгабы?

Койчуман Момункулов, мамлекеттик китеп палатасынын директору:

– Чыкпайт.

Керимбек Кадыракунов, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрага орун басары:

– Кийин чыгып калса кандай болот.

Койчуман Момункулов, мамлекеттик китеп палатасынын директору:

– Китеп басмага даярдалып жатканда, автордук укукка байланыштуу маселелер авторлор жана мураскорлор менен макулдашылды. Кээ бир авторлор, мураскерлер “Силер чыгарып жаткан соң, чогуу чыгарып алалы” деп, басма менен сүйлөшүп, биз берген нускадан тышкары, өз акчаларына өздөрүнө керектүү нусканы чыгарып алышкандары болду. Өз акчасына. Китеп көп нуска менен чыгып жаткан соң, китептин өздүк наркы ылдый болот эмеспи. Алар ошого кызыкты. Мында бир тараптуу эмес, эки тараптуу пайда болду. Өздүк нарк бизге да арзан түштү. Биерде эч кандай финансылык тартип бузуу жок. Мамлекеттик акчасына тийиштүү нусканы чыгардык, китепканаларга тараттык. Ошол биз чыгарган китептердин айрым авторлор жана мураскорлор чыгарып алган нускалары сатыкта бар. А биз чыгарган нуска сатыкка чыккан жок. Биз түз эле республиканын китепканаларына таратып
бердик.

Анархан Садыкулова, «Нуска» китеп борборунун жетекчиси:

– Мураскорлор менен китеп чыгарган тараптардын ортосундагы пикир келишпес-
тиктер тууралуу угуп калып жатабыз.

Койчуман Момункулов, мамлекеттик китеп палатасынын директору:

– Туура. Андай учурлар болот экен. Буюрса, китеп чыгаруу иши кайрадан мамлекеттик деңгээлде колго алынып жатат. Бул нерсе бара-бара жолго коюлуп калат деп ишенем. Атанын мураскорлору жеке адамдар болгону менен, автордун артында бүтүндөй мамлекет турат. Мураска жеке менчиктей эмес, улуттук байлыктай мамиле жасоо мураскорлордун да милдети. Адам канчалык эскерилип турса, ал ошончо тирүү. Мен ушул жерде министрликке кат жаздым. Мамлекеттин тапшырыгы менен жазылган китептер жана көркөм тасмалар мамлекеттин менчиги болууга тийиш.

Керимбек Кадыракунов, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрага орун басары:

– Эже туура маселе көтөрүп жатат. Мындай маселе келечекте дагы да далай көтөрүлөт. Китеп чыгаруу тууралуу сөз болуп жаткан соң түз пикир айтып, аны кандай өнүктүрүү маселесине көңүл бурсак. Китеп чыгаруу ишинде эч кандай чийки маселе калбашы керек. Китепти мыйзамдын чегинде чыгарууну жолго койгон зарыл. Эгер китептин мураскору болсо, мураскор менен сүйлөшкөн соң, мамлекет мураскоруна тийиштүү калем акысын ж.б. бериши керек. Мураскор 50 жылбы канча бир жыл мураскор болот деген нерсе бар. Мураскору менен сүйлөшүп, кеңешип, кийин өйдө-ылдый сөз болбогудай чечкен дурус. Ишти протоколдошуп башташ керек. Бул басманын иши. Акча бөлүнүп, басмаканага бөлүнгөндөн кийин, бул басманын иши. Редакторго, корректорго, калем акыны басма төлөшү керек. Мунун баары процедуралык маселелер. Себеби, мамлекет акча бөлүп жатат. Бул жерде мамлекет чыгарып жатканда, автор да чыгарам десе, бул да бир пункт менен келишимде көрсөтүлгөнү
дурус.

Койчуман Момункулов, мамлекеттик китеп палатасынын директору:

– Туура биерде автор менен басмакана келишим кылат, мында менин тиешем жок.

Керимбек Кадыракунов, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрага орун басары:

– Китепканалар китеп менен камсыз болот деп жатасыз. Кээде ар кандай иштер да болуп кетет окшойт. Мындан мурда бир автордун он китеби чыккан деп уккам. Балдар адабияты боюнча. Эмне үчүн бир автордун он китеби чыгышы керек. Эмне үчүн башка автордун китептери чыкпайт. Калыстык менен карасаңыздар. Мына ушуга окшогон нерселер тыкыр көзөмөлдөнүш керек го.

Капар Токтошов, жазуучу, котормочу, журналист:

– Кайсы автордун 10 китеби чыгыптыр.

Керимбек Кадыракунов, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрага орун басары:

– Менин эсимден чыгып жатат. Балдар адабияты боюнча бир аксакалдын 10 китеби чыгыптыр. Анда китеп чыгаруу китепканагы тапшырылып, китепкана чыгарыптыр.

50 китептин чыгышына жазуучулар союзунун тиешеси бар. Биз авторлорду сунуш кылганбыз. Бирок, сумма 10 миллион сом эмес болчу, акча бизге бөлүнгөн эмес. 50 китепке жазуучулар союзу менен басмакана келишим түздү. Министрлик акчаны түз эле басмаканага которду.

Жазуучулар союзуна дагы ушундай каражат бөлүнөт деген. Былтыр бөлүнбөй калды. Ал эми быйылкы тууралуу айтып жатасыз, азырынча акча бөлүнө элек, бирок авторлор акча бөлүнүптүр меникин чыгар деп келе баштады.

Бирок кимдер чыгарса да, мейли китеп палатасы чыгарсын, мейли китепкана чыгарсын, мейли жазуучулар союзу аркылуу чыксын, редакциялык кеңеш мыкты түзүлүп, ошол курам мыкты иштеп бериши абзел. Редкеңешке мыкты адабиятчылар кирсе. Редкеңештин курамы министрлик менен макулдашылса. Анан ошолор карасын, кандай китептер чыгат. Ошол эле китептер ким аркылуу чыкпасын, ошол редакциялык кеңеш аркылуу кетсин. Мен өндүрүштө иштегем, мен финансы иштерин жакшы билем, кайда болбосун пикиримди түз айтам. Көзүм жетип турат маселе каягында экенине. Редакциялык коллегия мыкты түзүлүп, мейли ким чыгарбасын, редкеңеш гана чыга турган китептерди сунуш кылышы керек. Мейли, авторлор да өз сунуштарын берсин.

Капар Токтошов, жазуучу, котормочу, журналист:

– Мамлекеттик программа кабыл алынып, мамлекет тарабынан китеп тармагына мамлекеттик мамиле жасайлы деп мамлекеттик саясат иштеп чыгалы дегени кубаттоого татыйт. Муну жетишкендик деп койсок болот. 
Баарыңыздар билесиздер, союз убагында китеп чыгаруу системасы калыптанып, ал мамлекет тарабынан жөнгө салынып турчу. Мунун эгемендүүлүккө пайдасынан башка зыяны жок болчу. Тилекке каршы, эгемендүүлүктүн 30 жылында ошол системаны талкалап алдык. Китеп чыгаруу да мамлекеттик идеологиянын ажырагыс бир бөлүгү экенин эске албадык. Бизде мамлекеттик программалар, жарлыктар, токтомдор жакшы жазылат. 2014-2020-жылдарга мамлекеттик тилди өнүктүрүү деп мыкты мамлекеттик программа кабыл алынган. 500 миллион сом бөлүнгөн. Ошол программаны аткарганга деп. Ошол убакта мамлекеттик тил комиссиясында иштеп турдум. “Кыргыз тил” гезитинин редактору болуп. Маданият министрлигине, илим, билим министрлигине кыргызча китептерди чыгаргыла, окуу китептерин кыргызча которуп чыгаргыла деп канчалаган миллиондогон сом бөлүндү, ошолордун баары өздөштүрүлбөй акча кайра артка кайтарылды.  2021-жылы президенттин адеп ахлах жарлыгы боюнча мамлекеттик программа кабыл алынган. Ошондо 2022-2026-жылга чейин жылына 10 миллион сомдон 100 китеп которулуп чыгат деп жазылган. Бүгүнкү күнгө чейин бир китеп которулуп чыккан жок. 50 миллион сомдун бир сому да өздөштүрүлө элек. Быйыл 50 миллион которулат деп уктук. Тилекке каршы, бизде 100 китепти которуп чыгарганга мүмкүнчүлүк жок. Бизде анча котормочу жок. Туура, которуп коюшубуз мүмкүн. А ошол которулган китептер сапаттуу болобу, бул жагы суроо бойдон кала берет.

Керимбек байке туура айтат, мыкты редакциялык коллегия түзүш керек. Көрүп жүрөбүз, төкмө ырчылардын республикалык айтыштары өткөндө сөз айтышкан ырчыларга тийбей эле, көп учурда калыстык кылгандар жеме угуп калып жатышат. Мен төрт жылдан бери редакциялык кеңешке мүчө болуп келатам. Биринчи жолу 5 миллион бөлүнгөндө бир жуманын ичинде 500 нускадан китеп алгыла деп койду. Айла жок, шашылыш тандап бердик, муногу китептер деп. А авторлордо анчалык китеп жок экен да. Анатай Өмүркановдо бар экен. Ал “Акчаңарды бергиле да, алгыла” деп койду. Чынын айтышыбыз керек, ошол жылы китепканага анчалык деле кереги жок китептер аралашып кетти. 2023-жылы Жазуучулар союзу тандады. Кимдин китебин чыгарабыз деп. 2024-жылы мен да редакциялык коллегияга киргем. Көп кишиден түзүлгөн экен, бир чечимге келе албай койдук. Анан жазуучулар союузуна тапшырылып андан да жыйынтык чыкпай, анан Улуттук китепканага тапшырылды. Кыскасы китеп чыкты.

Былтыркы жылы редакциялык коллегия тандап, анда деле жакпай жатабыз. Мен эмнени айтайын деп жатам.

Керимбек Кадыракунов, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрага орун басары:

– Жакпай жатат эмес. Калыстык болсун деген ой.

Капар Токтошов, жазуучу, котормочу, журналист:

– Китеп тандоо деген абдан чоң жооптуу иш экен. Редкеңешке мүчө болгон соң,
коомдук башталышта өзүңдүн жеке демилгең менен иштеп бересиң. Кандай китеп экенин бир карап койбосоң, бир нерсе айтпасаң, чогулуп алып эле “меники чыксын, аныкы чыксын” дейт экен. Китеп чыгаруу иши системага түшүш керек.

Мен 2023-жылы сунуш кылгам, эгер 100 китеп чыкса, 40 пайызын көркөм адабиятка бөлөлү, 30 пайызын балдар адабиятына бөлөлү, 20 пайыз котормо болсун, 10 пайыз башкалар болсун деп. Жылыга ушул сакталыш керек.

Бир жылы жалаң көркөм адабият чыгып кетет, бир жылы жалаң котормолор чыгып кетет, балдар адабияты калып жатат.

Китептердин идеялык-көркөм-дүк деңгээли сөзсүз биринчи орунда туруш керек. Биз сунуш кылып жатабыз, маданият министрлиги колдоп жатат. Мамлекеттик басма керек. Эки-үч редактору, эки-үч корректору бар. Эгер ушул маселе чечилсе жолго түшөт.

(Уландысы бар)

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз