Гендердик теңчилик боюнча мыйзам долбоору үчүнчү окууда колдоо тапты

0
12186

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент боюнча комитети 10-февралдагы жыйынында гендердик теңчиликке байланышкан мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда жактырды.

Долбоорго 40ка жакын депутат демилгечи болгон. Анда мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу түзүмдөрүндө жетекчилик кызматтарда гендердик өкүлчүлүктү камсыз кылуу каралган. Тактап айтканда, бир жыныстагы өкүлдөрдүн үлүшү 70 пайыздан ашпашы керек.

Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 22-январдагы жыйынында экинчи окууда кабыл алынган. Эми документ үчүнчү окууда каралып, акыркы чечим чыгат.

Долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Камила Талиева, Кыргызстан эл аралык Гендердик теңчилик боюнча конвенцияга кошулганына карабай, аны иш жүзүндө толук аткарбай жатканын белгиледи. Анын айтымында, учурда Министрлер кабинетине караштуу 22 министрдин бирөө гана аял, калгандары эркектер.

Кыргызстанда аялдардын бийликтеги ролу жана мамлекеттик жетекчилик кызматтардагы өкүлчүлүгүнүн аздыгы маселеси эгемендик алгандан бери көтөрүлүп келет. 2009-жылы гендердик теңчилик жөнүндө мыйзам кабыл алынып, анда бир жыныстагы кызматкерлердин үлүшү жалпы жамааттын 30 пайызынан кем болбошу керектиги көрсөтүлгөн. Бирок коомчулукта бул талап негизинен эмгек акысы төмөн социалдык тармактарда гана сакталып келе жатканы айтылып жүрөт.

Жогорку Кеңеште да айым депутаттардын саны көп жылдан бери талкууланып, акыркы парламенттик шайлоодо аялдар үчүн туруктуу квота киргизилген. Учурда парламенттеги 87 депутаттын 29у, же болбосо 30 пайызы аялдар.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз