Москва шаарында Орусиянын аскердик чалгын кызматынын жетекчисинин орун басары, генерал-лейтенант Владимир Алексеевге кол салууга шектелген адам Дубайда кармалып, Орусияга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) билдирди.
Маалыматка ылайык, атышууга Любомир Корба аттуу Орусиянын жараны шектелүүдө. Ошондой эле тергөө анын эки “шериги” бар экенин аныктаган: алардын бири Москвада кармалган, экинчиси Украинага чыгып кеткен.
Кол салуу жума күнү Москванын түндүк-батышындагы турак үйдүн подъездинде болгон. Белгисиз адам Алексеевге бир нече жолу ок чыгарып, андан соң окуя болгон жерден качып кеткен. Генерал-лейтенант ооруканага жеткирилип, бир нече огнестрелдик жараат алганын Тергөө комитетинин расмий өкүлү Светлана Петренко тастыктады.
Кол салуу акыркы убакта жогорку даражалуу аскер кызматкерлерине каршы жасалган бир катар чабуулдардын фонунда орун алды. Бул окуяларга байланыштуу Орусия бийлиги Украинаны айыптап келет.

