Кыргызстан Франция менен түз авиакаттамдарды ачууну кароодо

0
11815

Кыргызстан Франция менен түз авиакаттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул маселе “Кыргызстан аэропорттору” мамлекеттик ишканасынын директору Манасбек Самидинов менен Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Файдын жумушчу жолугушуусунда талкууланды.

Жолугушууда айтылгандай, эгер бардык талаптар аткарылып, маселе оң чечилсе, түз каттамдарды француз авиакомпаниялары ишке ашырышы мүмкүн. “Кыргызстан аэропорттору” эл аралык каттамдардын географиясын кеңейтүүгө жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ошол эле учурда Кыргызстан азырынча Европа Биримдигинин авиациялык “кара тизмесинен” чыга элек. Буга чейин Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Канат Төлөгөнов өлкө авиациясы 2026-жылдын май айында бул тизмеден чыгарылат деп күтүлүп жатканын билдирген.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстан 2023–2024-жылдары Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун (ИКАО) аудитинен ийгиликтүү өткөн. Президент Садыр Жапаров да Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгуу процесси аяктап калганын айткан.

Эске салсак, Кыргызстандык авиакомпаниялар “эл аралык нормаларга жооп бербейт” деген негиз менен 2006-жылы Евробиримдиктин “кара тизмесине” киргизилген. Буга чейин Бишкектен Лондон, Франкфурт, Мюнхен, Амстердам жана башка Европа шаарларына түз каттамдар болгон. Азыр болсо Европа өлкөлөрүнө көбүнчө Түркия аркылуу учууга туура келет.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз