2026-жылдын 1-февралында Кыргыз автономиялуу советтик социалисттик республикасынын түзүлгөндүгүнө туура жүз жыл толду. Тактап айтканда, 1926-жылдын 1-февралында Бүткүл союздук Борбордук аткаруу комитети Кыргыз автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасын түзүү тууралуу расмий чечим кабыл алган.
Бул күн кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүн чыңдоодогу эң маанилүү этаптардын бири болуп эсептелет. Анткени автономиялуу облус макамынан автономиялуу республика макамына өтүү кийинчерээк союздук республикага айланууга жол ачкан. Ал эми союздук республика макамы эгемендүүлүккө жетүүнүн саясий жана укуктук пайдубалы болуп калды.
Ошондуктан 1926-жылдын 1-февралы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхындагы өзгөчө маанилүү дата катары белгиленүүгө тийиш», – деп белгиледи Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев ЖМКларга берген интервьюсунда. Төмөндө тарыхыбыздын урунттуу учурларына токтолгон Мамлекеттик катчынын интервьюсунун негизинде даярдалган материалды окурмандарыбызга сунуш кылабыз.
Автономиялуу республика – эгемендүүлүккө алып барган жол
Алгач кыргыз жетекчилиги автономиялуу облустун өзү да улуттук түзүлүш экенин түшүнгөн. Бирок ошол эле учурда республика макамына жетүү маселеси негизги максат катары коюлган. Кыргызстандын ошол кездеги жетекчилери облус макамы менен чектелип калуу улуттук өнүгүүгө тоскоол болоорун жакшы аңдашкан. Ошондуктан автономиялуу облусту автономиялуу республикага айлантуу боюнча саясий күрөш үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн.
Кийинчерээк, 1936-1937-жылдары Кыргыз ССРинин түзүлүшү дал ушул 1926-жылкы чечимдин логикалык уландысы болуп калды. Ошондуктан автономиялуу республикага айлануу — кыргыз элинин келечектеги мамлекеттик көз карандысыздыгынын пайдубалы катары каралат.
Борбор Азия шартындагы саясий күрөш жана тең укуктуулук маселеси
XX кылымдын 20-жылдарында Борбор Азиядагы элдердин ар бири өзүнүн мамлекеттик макамын аныктоо жолунда күрөш жүргүзгөн. Кыргыз эли да башка элдер менен тең укуктуу болуу, өз тагдырын өзү аныктоо принцибин ишке ашыруу үчүн олуттуу саясий аракеттерге барган.
Айрыкча ошол учурдагы кыргыз жетекчилери үчүн бул өтө оор жана татаал күрөш болгон. Себеби, айрым коңшу республикалар салыштырмалуу тез эле союздук республика макамын алып жатышкан. Кыргызстан болсо өз ордун табуу үчүн көптөгөн саясий тоскоолдуктарды жеңүүгө аргасыз болгон.
Мына ушундай кырдаалда кыргыз жетекчилери республика макамы үчүн күрөштү негизги багыт катары тандашкан.
Улуттук лидерлердин ролу жана пассионардык дух
Ошол мезгилдеги кыргыз жетекчилери өзгөчө жигердүүлүгү, пассионардык духу менен айырмаланган. Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Иманалы Айдарбеков жана башка ишмерлер кыргыз элинин укугу жана мамлекеттүүлүгү үчүн жан үрөп иштешкен. Алар Кыргызстандын келечеги үчүн жоопкерчиликти терең сезишкен. Өзгөчө Үркүн окуяларынан кийинки оор социалдык жана демографиялык абалды эске алганда, элдин келечегин сактап калуу башкы максатка айланган.
Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн саясий, экономикалык жана маданий колдоо керек болгон. Ушул себептен автономиялуу облусту автономиялуу республикага айлантуу маселеси стратегиялык мааниге ээ деп эсептелген.
Республика идеясынын эрте пайда болушу
Кыргыз автономиялуу республикасын түзүү маселеси 1926-жылы гана көтөрүлгөн эмес. Архивдик материалдарга караганда, бул ой 1924-жылы эле пайда болгон.
1924-жылдын октябрында Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөндөн кийин кыргыз жетекчилеринин арасында республика макамы тууралуу сөз айтыла баштаган. Айрым документтерде «республика болобуз» деген түшүнүк ошол эле жылы кездешет.
1925-жылы бийлик ревкомдон советтик органдарга өткөрүлүп жаткан учурда Иманалы Айдарбеков баштаган жетекчилер бир эле мезгилде эки маселени көтөрүшкөн: «кара» деген аталышты алып салуу жана автономиялуу облусту автономиялуу республикага айлантуу. Мыйзам жүзүндө республика макамы бериле элек болсо да, элдин аң-сезиминде Кыргызстан өзүн республика катары кабылдай баштаган.
Бюрократиялык тоскоолдуктар жана ички көйгөйлөр
Автономиялуу республика макамын алуу процесси бир топ тоскоолдуктарга туш болгон. Алардын негизгилеринин бири – бюрократиялык кечеңдөөлөр эле. Ошол жылдары Кыргызстанда райондоштуруу, чек ара маселелерин аныктоо, калкты жайгаштыруу, отурукташтыруу, социалдык түзүлүштү калыптандыруу сыяктуу өтө татаал маселелер бир учурда чечилип жаткан. Элдин сабатсыздыгы, маданий деңгээлинин төмөндүгү дагы кошумча кыйынчылык жараткан. Ошол эле мезгилде маданий саясат жүргүзүү, билим берүү ишин өнүктүрүү зарыл болгон. Юридикалык жактан республика макамын бекитүү үчүн ири көлөмдөгү даярдык иштери талап кылынган.
Кыска мөөнөттөгү маданий жана билим берүү жетишкендиктери
Жусуп Абдрахманов өз докладдарында кыргыз элинин кыска мөөнөттөгү жетишкендиктерин өзгөчө баса белгилеген. Анын маалыматы боюнча, бир жарым жылдын ичинде кыргыз тилинде эки гезит чыгып, 40ка жакын китеп жарык көргөн. Ал мезгил үчүн бул өтө чоң жетишкендик болгон. Кыргыз тили мамлекеттик башкарууга, маданий жана агартуу иштерине активдүү киргизиле баштаган. Маданий өнүгүү автономиялуу республика макамы үчүн негизги аргументтердин бири катары көрсөтүлгөн.
Иманалы Айдарбеков жана Жусуп Абдрахмановдун демилгеси
Кыргызстандын автономиялуу республика макамына өтүүсүнө Иманалы Айдарбеков менен Жусуп Абдрахманов өзгөчө чоң салым кошкон.
Иманалы Айдарбеков ревкомдун төрагасы катары кыска убакытта Кыргызстандын экономикасы, калктын түзүмү, аймактык бөлүнүшү, ресурстары боюнча кеңири аналитикалык иштерди жүргүзгөн. Бул иштер өзүнчө илимий изилдөөгө тете болгон.
Жусуп Абдрахманов автономиялуу республика макамы тууралуу маселени үзгүлтүксүз көтөрүп турган. Ал өзүнүн докладдарында кыргыз элинин өзүн республика катары сезип калганын баса белгилеп, бул макамды расмий түрдө бекитип берүү зарылдыгын талап кылган.
Дал ушул саясий позициянын натыйжасында 1926-жылдын 1-февралында Кыргыз автономиялуу республикасын түзүү тууралуу чечим кабыл алынган.
1926-жыл же 1927-жыл маселеси боюнча талкуулар
Азыркы учурда коомчулукта Кыргыз АССРинин түзүлгөн датасы боюнча айрым талкуулар жүрүп жатат. Айрымдар 1927-жылды негизги дата катары эсептешет. Бирок мурдагы илимий эмгектерде жана советтик доордогу расмий материалдарда Кыргыз автономиялуу республикасынын түзүлгөн күнү катары 1926-жылдын 1-февралы белгиленип келген.
Советтик мезгилде чыгарылган почта маркаларында жана юбилейлик иш-чараларда да ушул дата колдонулган. Ошондуктан тарыхый салтка ылайык, 1926-жылдын 1-февралын негизги дата катары кароо илимий жактан туура деп эсептелет.
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башаты тууралуу концепция
1970-жылдардан тартып Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башаты катары 1924-жыл – Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөн жылы белгиленип келет. Бул чечим Кыргызстан Компартиясынын жетекчилигинин демилгеси менен СССР Илимдер Академиясынын адистери тарабынан негизделген. Алар юридикалык жактан кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башаты 1924-жылга туура келерин тастыкташкан. Ошондон бери Кыргызстандын азыркы мамлекеттүүлүгүнүн тарыхый башаты катары 1924-жыл расмий эсептелип келет.
Мамлекеттүүлүктү түптөгөндөр – бир нече адам эмес, бир муун
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшү бир нече гана адамдын иши эмес. Бул процесске ондогон ишмерлер катышкан. Мындан тышкары, башка улуттардын өкүлдөрү да кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө олуттуу салым кошкон. Архивдик документтерде Фатьянов, Дивеев, Дублековский, Дублицкий сыяктуу ишмерлердин ысымдары кездешет. Жусуп Абдрахманов өзүнүн күндөлүгүндө Дублицкийди кыргыз элинин чыныгы кызыкчылыгын коргогон адам катары өзгөчө жогору баалаган.
Казак интеллигенциясынын колдоосу
Кыргыз Автономиялуу Республикасын түзүү маселесинде казак интеллигенциясынын да чоң ролу болгон. Айрыкча Санжар Асфендияров менен Турар Рыскулов Сталинге кат жазып, кыргыз элинин укугун коргогон.
Алар кыргыздардын өзүнчө улут катары калыптанып калганын, социалдык жана маданий жактан чоң өсүшкө жетишкенин белгилешкен. Кыргыз автономиялуу облусун республикага айлантуу Борбор Азиядагы советтик курулуштун ийгилигин көрсөтөт деген жүйөлөр келтирилген.
Бул каттар кыргыз жетекчилеринин позициясын олуттуу бекемдеген.
Архивдик булактар жана изилдөөлөрдүн мааниси
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө байланышкан архивдик материалдарды изилдөө иши бүгүн да актуалдуу бойдон калууда. Айрыкча Казакстан, Өзбекстан жана Орусия архивдери менен кызматташуу чоң мааниге ээ. Казакстандык тарыхчылар жана архив кызматкерлери Кыргызстанга тиешелүү бир катар документтерди таап, бөлүшүп беришкен. Алардын арасынан Жусуп Абдрахмановдун тарыхый сөздөрү да табылган.
Ал документтерде: «Менин элимдин аты тарыхта чоң тамгалар менен жазылууга татыктуу эл» деген маанилүү ой камтылган.
Улуттук аң-сезимдеги тарыхый секирик
Кыргыз автономиялуу республикасын түзүү маселеси улуттук аң-сезимдин өтө тездик менен өзгөргөнүн айгинелейт. 1916-жылдагы көтөрүлүш мезгилинде эл хан шайлоо түшүнүгүнүн алкагында жашаса, болгону төрт-беш жылдын ичинде «республика» деген саясий түшүнүккө жеткен. Бул – кыргыз тарыхында сейрек кездешкен улуттук аң-сезимдеги чоң секирик.
Экономикалык негиз – негизги аргумент
Автономиялуу республика макамын талап кылуунун негизги себептеринин бири экономикалык фактор болгон. Жусуп Абдрахманов докладдарында Кыргызстан жалаң гана мал чарбачылыгы менен чектелген аймак эмес экенин далилдеген. Ал өнөр жай, кен казуу, гидроэнергетика тармактарынын келечеги бар экенин көрсөткөн. Республика макамы болбосо, борбордук каржылоо үзгүлтүккө учурап, экономикалык өнүгүү жайлай турганы белгиленген.
Тарыхый инсандарды даңазалоонун бүгүнкү формалары
Бүгүн мамлекеттүүлүктү түптөгөн инсандарды даңазалоо мамлекеттик деңгээлде колдоого алынууда. Президенттин жарлыгы менен «Кыргыздын журт аталары» деген түшүнүк бекитилип, алардын ишмердигин үгүттөө милдети коюлган. Акыркы жылдары тарыхый сериалдар жана көркөм фильмдер тартылып, Жусуп Абдрахманов жана башка ишмерлер тууралуу көркөм чыгармаларды жаратуу аракеттери көрүлүүдө.
Келечекте Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков, Иманалы Айдарбеков сыяктуу инсандар жөнүндө дагы көркөм тасмалар жана адабий чыгармалар жаралышы зарыл.
Луиза АЛМАЗБЕК кызы

