Мексика АКШ санкцияларына карабай Кубага гуманитардык жардам жөнөтүүдө

Мексика Кубага гуманитардык жардам көрсөтүүнү АКШнын санкцияларына карабастан улантат. Бул тууралуу Мексиканын президенти Клаудия Шейнбаум 9-февралда өткөн күнүмдүк маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Куба элине колдоо мындан ары да күчөтүлөт.
«Мексика эли ар дайым тилектеш. АКШ тарабынан киргизилген санкциялардын айынан Куба эли кандай оор шартта жашап жатканын эч ким көз жаздымда калтыра албайт», — деди Шейнбаум.

Президент АКШны жана эл аралык коомчулукту Кубага карата киргизилген санкциялар адилетсиз экенин таанууга чакырды.

Белгилей кетсек, жакында Мексика Кубага 814 тонна азык-түлүк жүктөлгөн эки аскердик кемени жөнөткөн. Бул жардам гуманитардык колдоонун бир бөлүгү катары көрсөтүлгөн.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз