Ротшильддер династиясынын сыры

         Башынан келсек, дүйнөнү үч кылымдан бери каалаганындай калчап келе жаткан Ротшильддер династиясынын сыры тереңде жатат. Алардын теги Франкфурт геттосундагы жакыр еврейлердин үй-бүлөсүнөн уланат. Ал учурда  (XVIII кылым) Германиянын катуу мыйзамы жөөттөргө геттонун сыртына чыкканга мүмкүнчүлүк берчү эмес. Муну жөөттөр “Кудай жалгасын”- деп туруп өз пайдасына чечип, кандай болгондо да  маданиятын сырткы таасирден сактап калганга, өздөрүн ишенимдүү сезгенге жумшаган.

Атанын керээзи

XVIII кылымда Ротшильддердин  үй-бүлөлүк байлыгын негиздеген Мейер
Амшель болгон. Мейер ишин ал учурда арааны жүрүп турган, таасири күчтүү  княздар Турна менен Таксисттерге жакындагандан баштап, аларды колго алат. Ар кимдерге тейлөө кызматын көрсөткөндөн мурда ал, бул княздардын биринчи банкири болуп калат. Экинчи жагынан ал өзүнүн бизнесине башкаларды киргизген эмес, өзүнүн гана балдарын, жакын туугандарын иштетчү. Алардын үй-бүлөсү канчалык ынтымактуу, бирдиктүү иштеген сайын, ошончолук байманасы ашып, кубаттуулугу арта берген.

Көп өтпөй бизнести Мейердин беш уулу башкарып калат. 1812-жылы “оо дүйнөгө” аттанаар маалында Мейер Амшель алардын ичинен бирөөнү мураскер атоодон баш тартат. Анын ордуна бардык ишти беш уулуна өткөрүп берип, аларга үй-бүлөлүк салтты бекем кармоону, дайыма бир болууну, чабылып-чачыла бербөөнү, байлыгына чоочун бирөөнү жолотпоону керээз калтырат.

Мейер Амшелди алмаштырган уулдары бир гана княздыктын же өлкөнүн көзүн карап отура бербей Европанын финансы иштеринен өздөрүнө орун таап, бизнестерин кеңейтүүнү чечишет. Беш бир туугандын бири Натан Лондондо дүкөн ачат. Жеймс дегени 1823-жылы Парижге жайгашат.
Амшель дегени Франкфуртта кала берет. Соломон дегени Венага кетет. Эң кичүү Карл дегени Неаполго аттанат. Ошентип, бешөө беш жактан, Европанын финансы рыногуна  беш бөрүдөй “тиш салып” кирет.

Мындай кеңири тармакта аракеттенүү Ротшильддерге атасы керез калтыргандай, чачыранды болуп кетүү, ыксыз чыгымдарга баруу өңдүү коркунучтарды пайда кылды. Алар бул коркунучтан гетто стратегиясын колдонуп, өздөрүнө чоочундарды киргизбей, бир кишидей аракеттенип, күчтү бир жерге топтоп, Европанын финансы рыногуна жиреп кирип барышты.

Алардын алып учкан почта байланышы

Ротшильддер Европадагы эң тез жеткен почта байланышын жөнгө салышат же болбосо негиздешет. Муну менен алар болуп жаткан окуялар боюнча конкуренттеринен мурда кабардар болгонго мүмкүнчүлүк алышат. Алар иш жүзүндө маалымат айдыңы боюнча монополистке айланышат. Алардын өз ара жазышкан каттары франкфурт диалектинде, атайын код менен жазылгандыктан бир туугандардан башка эч ким окуй алчу эмес. Андыктан эч ким түшүнбөгөндөн кийин бул каттарды жолдон кармап калуунун да мааниси жок болчу. “Эң таасирлүү банкирлер да Ротшильддердин кланына кире алышпайт” –дешип, финансисттер алакан чаап отуруп калышар эле.

1824-жылы Жеймс Ротшильд “үйлөнүү мезгили жетти” –  деп чечет. Бул маселени үй-бүлөдө талкуулашат. Себеби, алардын үйүнө “бардык сырларына ортоктош болуучу” чоочун бирөө кирген жатпайбы. Сүйлөшүп отуруп Жеймс аялды үй-бүлөнүн ичинен тандап, улуу агасы Соломондун кызына үйлөнмөк болот. Бир туугандар муну кубанып кабыл алышат. Мындай үйлөнүү кийин алардын адат-салтына айланып калды. Эки жылдан соң Натан кызын Соломондун уулуна берди. Андан кийин беш бир тууган өздөрүнүн балдарынын арасында 18 жолу нике тоюн өткөрүштү, анын ичинен 16сы эки бир туугандын балдарынын үйлөнүшү эле.

Сааттай так иштешкен…

«Биз – кудум сааттай элебиз. Анын ар бир бөлүгү маанилүү”-дечү экен Соломон. Ошентип, так иштеген сааттан бетер алардын бизнеси өркүндөп отурду. Ал эми сааттын ички механизмдери эч кимге көрүнчү эмес. Ошол учурда башка бай, кубаттуу үй-бүлөлөр XIX кылымдын биринчи жарымындагы финансылык оош-кыйыштан жабыр тартып, жакырланса, бир муштумдай түйүлгөн Ротшильддер, тескерисинче  түшкө кирбегендей байлык топтоп алышканга үлгүрүштү.

Европада Ротшильддер кызык учурда пайда болушту. Бул жер өнөр жайдын, Француз революциясынын, дайыма өзгөрүп ту-руулардын мекени эле. Бирок Ротшильддер өздөрүнүн тамырын, каада-салтын жоготушкан жок. Ошол замандын чачыратып жиберген тенденцияларына каршы турушуп, алар бирдиктүү аракеттенүүнүн символу болуп кала беришти.

Алардын ичинен Парижге барып жайгашкан Жеймс дегени жеткен чыгааны болчу. Ал өз өмүрүндө Наполеондун кыйрашын, Бурбондордун, герцог Орлеанскийлердин монархиялык бийлигин, акыр аягында Наполеон IIIнүн такка келишин башынан өткөрөт. Тигилер бийликке келип-кетип жатышты, ал эми Жеймстин байлыгы арта берди. Бул үй-бүлө сыртынан караганда өткөндүн калдыгы катарында көрүнбөө үчүн гетто тартибин  үй-бүлөнүн ичинен чыгарган эмес. Жеймс  өзүнүн кланынын ички тартибин бекем сактап, бир тизгинде кармай алган. Өткөн тарыхына, каада-наркына якордой кармалган бул үй-бүлө, айлана-тегерегиндеги болуп жаткан    хаоско карабастан, гүлдөгөндүн үстүндө гана болду. Күч кубатты бир жерге топтоо – Ротшильддердин бийлигинин негизги мыйзамы болгон.

Ийгиликтин төрт түркүгү 

Темирдей бекем үй-бүлөлүк биримдик: Мейер Амшелдин беш уулуна калтырган «бөлүнбөгүлө, чоочундарды аралаштырбагыла» деген керээзи династиянын пайдубалы болгон. Алар атүгүл капиталды сыртка чыгарбоо үчүн өз ара (туугандар арасында) үйлөнүү стратегиясын колдонушкан. Бул азыркы көз караш менен караганда таң калыштуу көрүнгөнү менен, ошол кездеги хаос учурунда байлыкты сактап калуунун эң ишенимдүү жолу болчу.

Маалымат монополиясы: Алардын жеке почта байланышы жана атайын коддолгон (франкфурт диалектисиндеги) каттары бүгүнкү күндөгү «киберкоопсуздуктун» алгачкы формасы десек болот. Маалыматка башкалардан бир нече саат же күн мурда ээ болуу – каржы рыногунда жеңишти камсыз кылган. Же болбосо “ким маалыматка ээ болсо, дүйнөнү ошол башкарат” деген сөз ушул Ротшильддерден чыкса керек. Айталы, 1815-жылы Ватерлоо салгылашуусунда Наполеон жеңилгенин Натан Ротшильд өзүнүн чабармандары аркылуу Лондондогу өкмөттөн бир сутка мурда билип, биржага барып өзүнүн акцияларын сата баштаган. Аны көргөн башка соодагерлер «Англия жеңилди!» деп ойлоп, акцияларын арзан баада сата башташат.

Баалар эң төмөнкү чекке жеткенде, Натан акциялардын баарын сатып алат. Бир нече сааттан кийин жеңиш кабары келгенде, ал бир түндүн ичинде жомоктогудай байып, Британиянын экономикасын толук көзөмөлүнө алган.

«Гетто стратегиясы» жана адаптация: Алар сырткы дүйнөнүн өзгөрүүлөрүнө (революция-лар, падышалардын алмашуусу) карабай, ички тартибин өзгөртүшкөн эмес. Бийликке ким келбесин, Ротшильддердин каржылык кубаты өсө берген, себеби, алар саясий туруксуздукту өз пайдасына колдоно билишкен.

Географиялык камтуу: Беш бир туугандын Европанын беш чоң борборуна (Лондон, Париж, Вена, Франкфурт, Неаполь) жайгашуусун – бул азыркы транс-улуттук корпорациялардын алгачкы модели десек болот. Бул аларга бүтүндөй Европанын экономикасын бир убакта көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берген.

Ротшильд – бул “Кызыл калкан»

Династиянын тарыхында алардын дүйнөлүк финансылык империяга айлануусуна себеп болгон дагы бир нече кызыктуу деталдар бар. Мисалы, үй-бүлөнүн фамилиясы «Ротшильд» деп кокустан келип чыккан эмес. Мейер Амшелдин Франкфурттагы үйүнүн эшигинде (немисче: Rot Schild) деген жазуусу бар кызыл калкан илинип турчу. Бул жазууну алар расмий фамилиясына айландырып, өздөрүн дүйнөгө тааныткан бренди кылып алышкан.

“Падышалардын банкирлери”

Ротшильддерди дүйнө «падышалардын банкири» катары да билишет. Алар согуш учурунда бүтүндөй мамлекеттерди каржылашкан. Мисалы: Британияга Наполеон менен согушуу үчүн алтын жеткиришкен. Бразилиянын көз карандысыздык алышына каржылык көмөк көрсөтүшкөн. Суэц каналын сатып алууда Британия өкмөтүнө өтө кыска мөөнөттө ири суммадагы насыя беришкен. Согуш бүткөндө бардык тараптар Ротшильддерге карыз болуп калышкан. Бул алардын «падышалардын банкири» деген статусун бекемдеген.

Кайрымдуулук жана Маданият

Ротшильддер байлык гана топтобостон, Европанын маданиятына чоң таасир этишкен: алар дүйнөдөгү эң чоң жеке көркөм сүрөт коллекцияларын чогултушкан.

Көптөгөн белгилүү шарап заводдору (мисалы, Chвteau Lafite Rothschild) дагы деле ушул үй-бүлөгө таандык. Илимге, медицинага жана жакыр жөөттөргө жардам берүү үчүн ири фонддорду түзүшкөн.

Бүгүнкү күндөгү абалы

Азыркы учурда Ротшильддердин байлыгы мурункудай бир колдо эмес, жүздөгөн мураскерлерге бөлүнгөн. Ошентсе да, алар Rothschild & Co жана башка инвес-тициялык банктар аркылуу дүйнөлүк каржы тармагында дагы деле таасирдүү бойдон калууда. Алар көбүнчө көмүскөдө калууну жана ашыкча жарнамадан качууну артык көрүшөт (атасы Мейердин керээзи боюнча).

Учурда “Ротшильддердин бүгүнкү байлыгы канча?” деген суроого маалымат булактарынан так жооп алалбайбыз. Атургай «Forbes» тизмесинен да таппайсың. Анткени, бул журналга  бир адамга таандык гана байлык жазылат. Ал эми Ротшильддердин байлыгы болсо жүздөгөн мураскерлерге (кланга) бөлүнгөн.

Ошентсе да, көптөгөн экономисттер Ротшильддер кланынын жалпы байлыгын 350 млрд. доллардан 2 трл. долларга чейин деп баалашат. Салыштыруу үчүн, Илон Масктын байлыгы болжол менен 200-300 млрд. доллар.

Башкача айтканда, алардын колунда жер шарынын эң маанилүү тармактарынын үлүштөрү бар: борбордук банктар, ири мунай жана газ компаниялары, алтын кендери жана кыймылсыз мүлктөр. Тегин жеринен Ротшильддер үчүн акча жөн эле кагаз эмес, бул дүйнөнү башкаруучу курал.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
«Кыргыз Туусу

Акыркы гезиттер

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп болгону талашсыз. Анткени,...

«Бала ырысы” жаңы жөлөк пулу ата-энеге кандай жардам берет

           Кыргызстанда балдарды социалдык жактан колдоонун жаңы түрү киргизилгени турат. Садыр Жапаров үч жашка чейинки бардык балдарга ай сайын берилүүчү “Бала ырысы” жөлөк...

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной торговле, поэтому любое...

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн өнүгүүсүнүн азыркы этабына...

Кыргызское ускорение

Источники, пределы, риски        За последние пять лет Кыргызстан прошёл через фазу, которую уместно называть не просто ростом, а ускорением. Среднегодовые темпы увеличения ВВП в 2022–2025 годах превысили...