Италиянын Кортина-д’Ампеццо шаарында өтүп жаткан 2026-жылдагы Кышкы Олимпиада оюндарында күтүүсүз жылуу аба ырайы байкалууда. Адистердин айтымында, февралдагы мындай «жылуулук» климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу мурдагыга салыштырмалуу кеминде үч эсеге көп кайталана баштаган.
Олимпиадага келген күйөрмандар калың кышкы кийимдер менен барганына карабай, айрым күндөрү курткаларын чечип, кол каптарын колдонбой жүрүүгө аргасыз болушууда. Жекшемби күнү Кортина-д’Ампеццодо абанын температурасы +4,5 градуска чейин көтөрүлүп, күн тийген жерде андан да жылуу сезилген.
Метереологдордун маалыматында, акыркы 70 жыл ичинде Кортина шаарында февраль айындагы орточо температура 3,6 градуска жогорулаган. Анын айтымында, кыштын башталышы, кардын көлөмү жана сууктун узактыгы жылдан-жылга туруксуз болуп баратат.
Бул жагдай кышкы спорттун уюштуруучулары үчүн олуттуу кыйынчылыктарды жаратууда. Буга чейин Эл аралык олимпиада комитети абанын жылышына байланыштуу келечектеги Кышкы Олимпиада оюндарын февралдан январга жылдыруу мүмкүн экенин билдирген.
Милан–Кортина Олимпиадасынын дагы бир өзгөчөлүгү — объекттердин кеңири аймакка жайгашуусу. Айрым мелдештер өтүп жаткан шаарлар бири-бирине жакын болгону менен, климаттык шарттары кескин айырмаланат. Ушуга байланыштуу уюштуруучулар бир нече аймактык метеокызматтар менен тыгыз иш алып барып, спорттук жайларга атайын сенсорлорду орнотушкан.
Уюштуруучулардын негизги үмүтү — мелдеш күндөрү абанын салкын болушу, шамалдын азайышы жана кар катмарынын сакталышы. Бирок адистердин божомолуна ылайык, алдыда да нормадан жогору температура байкалышы мүмкүн.

