Бул айда дүйнөнүн спорт сүйүүчүлөрүнүн көңүлү Италияга бурулду. Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарлары Кышкы олимпиада оюндарына кожоюн болуп, адамзаттын эң ири спорттук майрамдарынын бирин өткөрүүгө кызуу даярдыгы көрүндү. Бул олимпиада тарыхта алгач ирет эки ири аймакта — заманбап мегаполис Милан менен Альп тоолорундагы Кортина-д’Ампеццодо өтүүдө.
Кышкы Олимпиада – 2026да спортчулар 16 спорт түрү боюнча 100дөн ашуун медаль топтомдору үчүн ат салышканы жатат. Программада лыжа спорту, биатлон, хоккей, көркөм муз тебүү, фристайл, сноуборд жана башка популярдуу кышкы спорттук мелдештер камтылган. Ошондой эле мелдештердин айрым түрлөрү биринчи жолу экологиялык таза жана туруктуу стандарттарга ылайык өткөрүлүп жатканын, уюштуруучулар белгилөөдө.
Алардын маалыматында, олимпиаданын негизги максаты – спортту сүйүү менен айлана-чөйрөнү сактоону чогуу айкалыштыруу. Милан – Кортина – 2026 Кышкы олимпиадасы Италия үчүн гана эмес, жалпы Европа үчүн да маанилүү окуя катары эсептелинүүдө. Ал туризмдин өнүгүшүнө, инфраструктуранын жаңыланышына жана жаштар арасында спортко болгон кызыгуунун артылышына зор түрткү бермекчи.
Кыргызстандык спорт сүйүүчүлөр да бул олимпиаданы чоң кызыгуу менен күтүп жатышат жана оюндар Улуттук телерадиоберүү корпорациясы тарабынан түз эфирде көрсөтүлүүдө. Ар бир оюн, ар бир мелдеш, ар бир спортчунун кыймылы, анын аракети, эмгеги спорт сүйүүчүлөрдүн көз ирмеминен өткөрүлүп, кыштын кереметтүү аппак карлары көрөрмандарды да суктандырып жатат.
Өлкөбүздүн желегин желбиреткен кышкы спорттун өкүлдөрүнөн саналуу гана спортчу катышса да, кыргыз спорт көрөрмандары чоң үмүт менен ийгилик күтүшүүдө. Оомат жар болуп, олимпиадада Кыргызстандын намысын коргоп жаткан Тимур Шакиров – тоо лыжасы боюнча, Артур Сапарбеков – лыжа жарышы боюнча мелдештерден байгелүү орундарга жетишсе, кыргыз спорту үчүн чоң тарыхый жетишкендик болмок. Албетте, адистер белгилегендей, кышкы болобу, жайкы болобу олимпиада оюндары спортчуларга айтып болгус чоң дем берип, келечекте жаңы чемпиондордун чыгышына жол ачат.
Милан – Кортина 2026 –бул жөн гана спорттук мелдеш эмес, ансыз да ар кандай саясий тирешүүлөр жаралып жаткан кезде, дүйнө элдерин бириктирген, достукту жана таза атаандаштыкты даңазалаган дүйнөлүк спорт майрамы болуп жатканы
талашсыз.
Жаңы өзгөрүүлөр
Жыл башында өтүп жаткан Милан – Кортина кышкы олимпиадасы тарыхта өзгөчө форматта уюштурулганы менен айырмаланууда. Бул олимпиада салттуу бир шаарда эмес, Италиянын эки ири аймагында – Милан шаарында жана Альп тоолорундагы Кортина-д’Ампеццодо өткөрүлүүдө. Мындай модель олимпиада кыймылы үчүн жаңы ыкма болуп, инфраструктураны сарамжалдуу пайдаланууга жол ачууда.
Олимпиаданын эң башкы жаңылыктарынын дагы бири – жаңы спорттук оюндардын кошулушу. Бул жолу программага сноуборд-кросс боюнча командалык мелдеш, фристайл лыжада жаңы форматтагы таймаштар киргизилип, жаштар арасында популярдуу экстремалдык спорт түрлөрүнө кеңири орун берилди. Демилгечилер бул менен Кышкы олимпиаданы заманбап көрүүчүлөргө жакындатууну көздөп жатканын билдиришет.
Милан – Кортина — 2026 экологияны максималдуу колдоого алган Олимпиада катары да тарыхка кирмекчи. Себеби уюштуруучулар жаңы объектилерди аз санда куруп, мелдештердин көпчүлүгүн мурдатан колдонулуп келген спорттук жайларда өткөрүүнү чечишкен. Электр энергиясын пайдалануу дагы үнөмдүү жүргүзүлүп, негизги бөлүгү кайра жаралуучу булактардан алынып, ал эми көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну азайтуу олимпиаданын башкы максаттарынын бири болуп саналган.
Дагы бир маанилүү өзгөчөлүк – шаар менен тоо аймагын айкалыштырган формат. Муз үстүндөгү спорттор Милан шаарында өтсө, лыжа жана биатлон
сыяктуу тоо спорттору Кортина жана башка Альп аймактарында уюштурулууда. Бул көрүүчүлөргө бир эле олимпиада алкагында, Италиянын маданиятын да, жаратылыш кооздугун да көрүүгө мүмкүнчүлүк берип жатканын демилгечилер күн мурунтан максат кылып, ага ылайык иш-аракет жүргүзгөнүнүн далили.
Мындан тышкары, быйылкы олимпиада оюндары санариптик технологияларга таянып, көрүүчүлөр үчүн жасалма интеллектке негизделген статистика, виртуалдык көрүү мүмкүнчүлүктөрүн түзгөн жана интерактивдүү онлайн платформалар аркылуу чагылдырылган видео контенттер колдонулууда. Бул дүйнө жүзүндөгү миллиондогон күйөрмандарга мелдештерди жаңы форматта көрүүгө шарт түзөт.
Катышуучулар
Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында 6-февралда башталган мелдештер, 22-февраль күнү жыйынтыкталат. Ага 93 өлкөдөн жана 3 500дөн ашуун спортчу катышууда, алар 16 спорт түрү боюнча күч сынашат.
Албетте, спортчулардын санына карап эсептегенде: АКШ – болжол менен 233 спортчу, Канада – 210, Италия (жергиликтүү команда) – 196, Германия – 189, Швейцария – 175 болуп андан башка Кытай жана Япония спортчулары ат салышууга келишкен. Орусия спорт өкүлдөрү Олимпиада оюндарына катышуудан 2017-жылы, мамлекеттик деңгээлде допинг системасы колдонулду деген жүйөө менен жарым жартылай четтетилсе, 2022-жылдан кийин Украинадагы согушка байланыштуу толук чектөөлөргө кабылган.
Тарыхта
Олимпиаданын тарыхы байыркы Грециядан башталып, алгачкы олимпиада оюндары б.з.ч. 776-жылы эле Олимпия шаарында өткөн. Байыркы оюндар Зевске арналган диний майрам катары уюштурулуп, ага грек жарандары гана катыша алышкан. Ошол мезгилде негизги мелдештер чуркоо, күрөш, найза ыргытуу жана диск ыргытуу гана болгон.
Рим империясы кулагандан кийин, олимпиада оюндары унутулуп, дээрлик 1500 жыл өткөрүлбөй калган. Заманбап олимпиада кайра 1896-жылы Афинада, француз коомдук ишмери Пьер де Кубертендин демилгеси менен өткөрүлгөн. Убакыт өткөн сайын спорттук мелдеш турлөрү көбөйүп, кышкы спорт түрлөрүнүн популярдуулугу өсө баштаганда, өзүнчө кышкы олимпиада өткөрүү зарылдыгы жаралган. Алгачкы Кышкы Олимпиада оюндары 1924-жылы Франциянын Шамони шаарында өткөн. Ошондон бери кышкы олимпиада төрт жылда бир өткөрүлүп, айрым саясий оор кырдаалдарда гана убактысы жылдырылып келет.
Эң кызыктуу жана тарыхый окуялар
Кышкы олимпиадага төмөнкү спорт түрлөрү кирет: тоо лыжасы, лыжа жарышы, биатлон, хоккей, көркөм муз тебүү, керлинг, сноуборд, чана жана бобслей спорту. Бул спорт түрлөрү жогорку ылдамдыкты, техникалык чеберчиликти, ошону менен катар чоң тобокелчиликти талап кылат.
Кышкы олимпиада тарыхында дүйнөнү таң калтырган окуялар аз эмес.
Германиянын Гармиш-Партенкирхен шаарында, 1936-жылы өткөн оюндар
саясат менен спорт аралашкан алгачкы олимпиадалардын бири катары тарыхта
калган.
1980-жылы АКШда Лейк-Плэсидде АКШнын хоккей боюнча жаш командасы күчтүү СССР командасын утуп, “Муз үстүндөгү керемет” (Miracle on Ice) аталышында тарыхка кирген.
1994-жыл, Норвегиянын Лиллехаммер экологияга өзгөчө көңүл бурулган алгачкы “жашыл олимпиада” катары белгилүү.
Россиянын Сочи шаары 2014-жыл мелдештер масштабы, инфраструктурасы жана технологиялык чечимдери менен эң кымбат кышкы олимпиада катары эсте
калган.
Рекорддор мекени
Норвегиялык Бьорн Дэли Кышкы олимпиаданын тарыхындагы эң көп медаль алган лыжачы. Ал 8 алтын, 4 күмүш медаль уткан.
Норвегиялык спортчу Мари Бьорген аялдар арасындагы эң титулдуу спортчу же олимпиадаларда 15 медаль
уткан.
Германиялык Клаудия Пехштайн Кышкы олимпиадага 7 жолу катышкан коньки чебери, бул да өзүнчө рекорд.
Уюштуруучулардын пикиринде Милан – Кортина Кышкы олимпиадасы – бул спорттук таймаш гана эмес, олимпиаданы өткөрүүнүн жаңы философиясын көрсөтө турган ири эл аралык долбоор аталды. Ал келечектеги олимпиадалар үчүн үлгү болуп, «азыраак чыгым менен көбүрөөк мүмкүнчүлүк» деген принципти бекемдөөдө.
Негизи кышкы олимпиада оюндары – тайманбастыктын, чыдамкайлыктын жана чыныгы профессионализмдин символу катары бааланат. Ар бир олимпиада жаңы баатырларды, жаңы рекорддорду жана унутулгус окуяларды жаратып келет. Мындай тарыхты кыргыз спортчуларынан да зор үмүт менен күтөбүз.
Гүлмайрам РАХМАНБЕРДИЕВА,
«Кыргыз Туусу

