Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары убактылуу жабылат

0
5916

Кытайда Жаз майрамы белгиленгенине байланыштуу мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан айрым өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык:

  • «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пункту 15-февраль саат 20:00дөн тартып 19-февралга чейин жабылат;

  • «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пункту 17-февралдан 20-февралга чейин иштебейт.

Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү:

  • «Эркечтам» аркылуу — 19-февраль саат 08:00дөн;

  • «Торугарт» аркылуу — 20-февраль саат 08:00дөн баштап кайра жанданат.

Чек ара кызматы жарандарды жана тышкы экономикалык ишмердүүлүк менен алектенген тараптарды мамлекеттик чек арадан өтүүнү пландаштырууда бул маалыматты алдын ала эске алууга чакырат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз