Башкы беткеСаясат жана коомКоомЭттин баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Эттин баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Кыргызстанда 11-августтан тарта эттин баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жөнгө салууну киргизүү эттин негизсиз кымбатташына жол бербөө жана калк үчүн эттин баасынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатын көздөйт.

Бул чечим:

  • «Баалоо жөнүндө» мыйзамдын 6-беренесинин 3-бөлүгү жана 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна;
  • Министрлер Кабинетинин «Социалдык мааниге ээ товарларга мамлекеттик бааны жөнгө салуу жөнүндө» 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 токтомунун 6-пунктунун 1-абзацына;
  • Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтому менен бекитилген Экономика министрлигинин жобосунун 12-пунктунун 1-абзацына ылайык кабыл алынган.

Бул иштерди Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы социалдык мааниге ээ товарларга мамлекеттик бааны жөнгө салуунун бекитилген тартибине ылайык жүргүзөт.

 

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар