Ички иштер министри Улан Ниязбеков өлкөдө мыйзамсыз иштеп жүргөн чет элдик жарандарга 10-июнга чейин документтерин иретке келтирүү мүмкүнчүлүгү берилгенин эскертти.
«Чет элдиктердин Кыргызстанда жүрүүсү мыйзамдуу болушуна көңүл буруңуздар. Визасы окуу үчүн, туристтик болуп, бирок иштеп жүрсө же эмгек визасынын мөөнөтү өтсө, анда тез арада документтерин туураласын. Бул үчүн 10-июнга чейин убакыт бар экенин түшүндүрүңүздөр. Иш берүүчүлөрдө дагы жоопкерчилик бар экенин унутпаңыздар», — деген министр.
Ал 10-июндан кийин мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерди аныктоо үчүн рейддер башталып, мыйзам бузгандар депортацияланарын кошумчалады.
Буга чейин УКМК төрагасы 10-июндан тарта мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерге карата чаралар көрүлүп, айрымдары өлкөдөн чыгарыларын билдирген.
Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номерлерине кайрылуу мүмкүн:
Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти: 0999 312 002 (24/7), 0312 66 30 70, 0703 42 88 65;
Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги: 0312 66 39 64, 0509 99 97 79;
Ички иштер министрлиги: 0312 26 61 70, 0702 82 80 28, 0700 84 84 40;
«Кызмат» МИ (каттоо боюнча суроолор): 0312 38 00 98, 0999 38 00 25, 119.