Жыл башынан бери 20 компанияга лицензия берилди

0
2541

Жыл башынан бери Кыргыз геологиялык кызматы тарабынан 20 компаниянын лицензия алуу боюнча арыздары каралып, канааттандырылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, лицензиялар төмөнкү багыттар боюнча берилди:

  • көмүр казуу — 12 лицензия;
  • мунай жана газ — 3 лицензия;
  • алтын казуу — 3 лицензия;
  • курулуш материалдары — 2 лицензия.

Кабыл алынган чечимдер өлкөнүн минералдык-чийки зат базасын натыйжалуу өздөштүрүүгө жана тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө багытталган. Долбоорлорду ишке ашыруу жаңы жумуш орундарын түзүүгө, бюджетке түшкөн салыктарды көбөйтүүгө жана аймактардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга өбөлгө түзөрү белгиленди.

Министрлик бардык лицензиялар мыйзамда каралган тартипте, ачык-айкындуулукту сактоо жана талап кылынган жол-жоболорду толук аткаруу менен берилгенин кошумчалады.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз