Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыКыргызстан АКШ менен ар тараптуу кызматташууну талкуулады

Кыргызстан АКШ менен ар тараптуу кызматташууну талкуулады

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында АКШ президентинин Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Сержио Гор менен жолукту. Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, сүйлөшүүдө эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу, айрыкча экономикалык байланыштарды чыңдоо жана миграциялык процесстерди көзөмөлдөө маселелери талкууланды. Тараптар бул багытта конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилешти.

Садыр Жапаров Кыргызстан Трамптын администрациясы менен активдүү кызматташууга даяр экенин айтып, аймакта туруктуу өнүгүүнү жана стабилдүүлүктү камсыздоого багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар саясий диалогду улантууну макулдашышты.

Нью-Йоркко болгон иш сапардын алкагында мамлекет башчы Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри, учурда Глобалдык өзгөрүүлөр институтунун төрагасы Тони Блэр менен да жолугуп, кызматташтыктын келечегин талкуулады.

Кыргызстандын президенти БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясына катышуу үчүн барган. Ал жалпы дебаттарда сөз сүйлөп, БУУнун Коопсуздук кеңешинин “Жасалма интеллект: эл аралык коопсуздук жана тынчтык” темасындагы ачык дебаттарына, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө арналган иш-чарага катышат. Мындан сырткары, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш жана башка бир катар лидерлер менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар