Башкы беткеЖогорку КеңешЖК комитети адал талаптарын мыйзамсыз колдонууга каршы мыйзам долбоорун колдоодо

ЖК комитети адал талаптарын мыйзамсыз колдонууга каршы мыйзам долбоорун колдоодо

Жогорку Кеңештин укук тартиби жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитети адал талаптарына тиешелүү белгилерди мыйзамсыз колдонууга жоопкерчилик киргизген мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Документке ылайык, Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр сунушталып, продукциясын расмий сертификациядан өткөрбөй туруп “адал” деп белгилеген өндүрүүчүлөргө чара көрүү каралууда. Бул демилге керектөөчүлөрдү сапатсыз жана алдамчылык продукциялардан коргоого багытталган. Ошондой эле өлкөдө ылдам өсүп жаткан адал индустриясын тартипке келтирип, айрыкча мусулман өлкөлөрүнө экспортко багытталган бизнес үчүн ачык жана адилет эрежелерди түзүүгө өбөлгө болот.

Жыйында депутаттар дагы бир мыйзам долбоорун колдошту. Ал укук коргоо органдарына кызматка орношууда бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтууга багытталган. Ага ылайык, мамлекеттик органдарга документтерди жеке же санариптик форматта тапшырганда алардын көчүрмөлөрүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүү талабы жоюлат.

Бул өзгөртүү жарандардын убактысын жана каражатын үнөмдөөгө шарт түзүп, электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.

Эки мыйзам долбоору тең Министрлер кабинети тарабынан даярдалып, мыйзамдарды заманбап талаптарга, анын ичинде санариптештирүү жана ишкерликтин укуктарын коргоо багыттарына ылайыкташтырууну көздөйт.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар