Башкы беткеЖогорку КеңешБишкекте Борбор Азия Парламенттер аралык форуму өтүүдө

Бишкекте Борбор Азия Парламенттер аралык форуму өтүүдө

Бүгүн, 23-сентябрда Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Борбор Азия мамлекеттеринин парламенттери катышкан III Парламенттер аралык форум өз ишин баштады. Форумдун темасы — «Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттери: аймакты комплекстүү өнүктүрүү үчүн эффективдүү чечимдер».

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Казакстан парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев, Тажикстан Жогорку Жыйынынын Улуттук Кеңешинин төрагасы Рустами Эмомали жана Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева катышууда. Түркмөнстандын атынан форумга бул өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Нуры Голлиев келген.

Форумдун жүрүшүндө парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү аркылуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылуу, миграциялык процесстерди жөнгө салуу жана санариптик өнүгүү багытындагы маселелер каралары күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, алгачкы форум 2023-жылы Казакстанда, экинчиси 2024-жылы Өзбекстанда өткөн.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар