Такаити G7 лидерлери менен Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулоону пландоодо

0
1501

Такаити Санаэ Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Ирандагы кырдаалды талкуулоо үчүн «Чоң жетилик» (G7) өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолугушууларды өткөрүүнү пландап жатат. Япония өкмөт башчысы тараптар аймактагы чыңалуунун күчөшүнө жол бербөө боюнча биргелешкен аракеттерди дагы бир ирет ырастоону көздөп жатканын билдирди.

Жума күнү Такаити Токиодо Марк Карни менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле март айынын аягында — апрелдин башында Японияга Эммануэль Макрондун сапары даярдалып жатканы маалым болду.

Мындан тышкары, Такаити кызматка киришкенден берки алгачкы расмий сапарын АКШга жасап, марттын үчүнчү жумасында Дональд Трамп менен жолугушууну көздөөдө.

Шейшемби күнү парламенттин төмөнкү палатасынын Бюджет комитетинин жыйынында оппозициялык депутаттардын бири Ирандагы кырдаал турукташкандан кийин АКШнын аскердик аракеттерине юридикалык баа берүү керектигин билдирген.

Буга жооп кылган Такаити эгерде ушул айда АКШга баруу ишке ашса, Трамп менен Иран маселесин түз талкуулоону кааларын айтты. Ал ошондой эле окуяларга укуктук баа берүү үчүн өкмөткө убакыт керек экенин белгиледи.

Япония өкмөт башчысы мындан тышкары өлкөдөгү Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин элчилери менен да жолугушууну пландап жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз