Жидда — Ош багыты боюнча түз авиакаттамдар кайра жанданат

0
1338

Бүгүн Жидда — Ош багыты боюнча түз авиакаттамдар кайра ишке кирет. Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчиси Улукбек Марипов социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын маалыматына ылайык, каттамдар жумасына үч ирет — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат. Биринчи кезекте мурда билет сатып алып, бирок уча албай калган Кыргызстандын жарандары жөнөтүлөт.

Мындан тышкары, элчи Жидда — Бишкек багыты боюнча да түз авиакаттамдарды жандандыруу маселеси каралып жатканын белгиледи. Ал каттамдар да жумасына үч жолу аткарылары күтүлүүдө.

Ош эл аралык аэропортунун учуу-конуу графигине ылайык, Кувейттен келген учак 4-мартта саат 01:00дө конот. Ал эми Жиддадан учуп келген рейс саат 12:55те конору көрсөтүлгөн.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз