whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.04.2025
14.6 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖК төрагасы: "Тейлөө кызматтарынын баасы өтө кымбат"

ЖК төрагасы: «Тейлөө кызматтарынын баасы өтө кымбат»

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Орозбаевге тейлөө кызматтарынын баасын көзөмөлдөө тапшырмасын берди. Ал бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде ЖКнын жыйынында айтты.

Анын айтымында, Кыргызстанда, анын ичинен Бишкекте кафе, ресторан, чач тарач, такси сыяктуу тейлөө кызматтарынын наркы өтө жогорулап кеткен.

«Силер ушул жагдайга бир сыйра мониторинг жасап чыгышыңар керек. Азыр биздеги баалар дүйнөдөгү мегаполис шаарлардан ашып кеткен учурлар болууда. Ошол эле Стамбул, Москва өңдүү ири калаалардагы айрым тейлөө кызматтарынын бааларына караганда биздики өтө кымбат»,- деди ал.

Төрага өлкөдө жеке ишкерчиликке жана бизнеске тоскоолдук жок экендигин, бирок баалардын негизсиз жогорулашы калктын капчыгына оорчулук туудуруп жатканын кошумчалады.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы бул маселе караларын билдирди.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар