Башкы беткеМаанилүү"Ички дүң өнүмдүн өсүшү 9%ды түздү"

«Ички дүң өнүмдүн өсүшү 9%ды түздү»

Финансы министрлиги 18-апрелде өлкөнүн 2024-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы боюнча коомдук угуу уюштурду.

Ага министрликтер жана ведомстволордун өкүлдөрү, Финансы министрлигинин башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Маалыматка ылайык, отчеттук иш-чаранын таанытымын финансы министринин орун басары — Борбордук казыналыктын директору Үмүтжан Аманбаев жасады.

Үмүтжан Аманбаевдин айтымында, өлкөдө жана анын бардык секторлорунда реалдуу реформалар, экономикалык жактан туруктуу өнүгүүдө.

«2024-жылдын жыйынтыты боюнча ИДПнын (ички дүң өнүм) номиналдык көлөмү 1 трлн 523 млрд сомду түзүп, өсүшү 9%ды түздү. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге өстү. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Биздин алдыдагы планыбыз — муну 2030-жылдарга карата дагы 2,5 эсеге жогорулатуу. 2024-жылдагы калктын жан башына ИДПсы 2431 доллар өлчөмүндө болгон.

Ошондой эле “Кыргызстандын 2024-жылдагы консолидацияланган бюджети 688,8 млрд сомду түзгөн. Ал эми 2025-жылга 708,9 млрд сом өлчөмүндө деп пландаштырылган”, — деди Аманбаев.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар