Башкы беткеРубрикаларАймактарТаштандыны кайра иштетүүчү завод куруу каралууда

Таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу каралууда

Бүгүн Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев кытайлык инвесторлор менен тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү завод куруу боюнча жыйын өткөрдү.

Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тиешелүү мекемелердин адистери катышты. Жыйында таштандылардын көлөмү, аларды экологиялык жактан туура утилдештирүү маселелери көтөрүлдү.

Текебаев долбоорду колдоорун билдирип, завод Жалал-Абад шаары менен катар Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун калкын да камтышы керектигин белгиледи.

Белгилей кетсек, мындай завод аймакта буга чейин курулган эмес. Долбоор ишке ашса, экологиялык абалды жакшыртып, калкты таза чөйрө менен камсыз кылууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар