Башкы беткеРубрикаларБилим берүүКыргызстанда жеке мектептерди ачуу жеңилдетилди

Кыргызстанда жеке мектептерди ачуу жеңилдетилди

Билим берүү министрлиги жеке мектептер үчүн лицензия алуу тартибин жөнөкөйлөттү.

Жаңы эрежелерге ылайык:

  • арыздарды кароо мөөнөтү 30 күндөн 20 күнгө кыскартылды;

  • алдын ала текшерүү үчүн комиссиянын чыгышы жана лицензиялык кеңештин иши жокко чыгарылды;

  • Өзгөчө кырдаалдар жана Саламаттык сактоо министрликтеринин корутунду берүү мөөнөтү да кыскартылды;

  • Санариптик өнүктүрүү министрлиги автоматташтырылган лицензиялоо системасын иштеп чыгууда.

Эми жеке мектеп ачуу үчүн президенттин облустардагы өкүлчүлүгүнө же билим берүү башкармалыктарына кайрылса болот. Ал жакта адистер кеңеш берип, документтерди даярдоого жардамдашат.

Министрлик ишкерлерди, инвесторлорду жана жарандык коомду жеке билим берүү тармагын өнүктүрүүгө чакырууда.

Учурда өлкөдө 224 жеке мектеп иштейт. Өткөн окуу жылында алардын саны 204 болчу.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар