whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.12.2025
-6.9 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларБилим берүүКыргызстанда 127 миңден ашык бала мектепке катталды

Кыргызстанда 127 миңден ашык бала мектепке катталды

Кыргызстанда 127 миңден ашык бала мектепке катталды. Бул тууралуу 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда билдирилген.

Анын ичинде 1,7 миң бенефициарлар. 162 миңден ашык орун бош бойдон калууда.

Бишкек шаарында 10,8 миңге жакын бала 1-класска, 12,7 миң бала экинчи класска кабыл алынды.

Белгилей кетсек, иш жүзүндө жашаган жери боюнча (каттоо дарегине карабастан) электрондук каттоо 2-июнда башталып, 15-августка чейин уланат.

12 жылдык билим берүүгө өткөндүгүнө байланыштуу 1-2-класстарды каттоо бир убакта жүргүзүлөт. 2018-жылы төрөлгөн балдар система тарабынан автоматтык түрдө экинчи класска, 2019-жылы төрөлгөндөр биринчи класска коюлат.

2019-жылы төрөлгөн балдар Наристе мектебине 480 сааттык даярдоо программасын бүтүргөн болсо, алар да 2-класска бара алышат. Ал үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдары balalyk.edu.gov.kg электрондук базасына маалыматтарды киргизиши керек.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар