whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.11.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыАнтониу Гутерриш БУУ туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн аракеттерди күчөтүүгө чакырды

Антониу Гутерриш БУУ туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн аракеттерди күчөтүүгө чакырды

Буунун башкы Генаралдык катчысы Антониу Гутерриш 80‑сессиянын алкагында өткөн SDG Moment иш-чарасында, туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн аракеттерди күчөтүүгө чакырды.

Гутерриш максатка жетүүнүн негизги жолдорун мындайча белгиледи: каржылык системаны өзгөртүү, климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү жана жаңы технологияларга даярдык көрүү. Ал дүйнөнү ар дайым биринчи орунга коюу керек экенин айтты жана 2024-жылы аскердик чыгымдар расмий өнүгүү жардамынан 13 эсе көп болгонун белгиледи.

ГАнын төрайымы Анналена Бербок айткандай, 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүү максаттарын аткарылышы акыркы беш жылда төмөнкүдөй көрсөткүчтө:

  • 35% пландын негизинде аткарылган,

  • 47% жетишсиз прогрессти көрсөткөн,

  • 18% тескерисинче артка кеткен.

Ал ошондой эле финансылык абалды тынчсыздандыруучу деп атады: «Өткөн жылы расмий өнүгүү жардамдары 7,1%га азайган. Биз убадаларды аткарууда керек болгон ылдамдыкта жылбай жатабыз».

Бербок кошумчалагандай, өнүгүү адилеттүү жана туруктуу болуш үчүн баарынын үнү угулушу керек жана элдер бири-бирине колдоо көрсөтүп, бирге аракет кылышы зарыл.

Эскерте кетсек, 2015-жылы БУУнун 2030-жылга чейинки туруктуу өнүгүү максаты күн тартибине кол койгон. Анда 17 максат камтылып, алар кедейчиликти жоюу, теңчиликти камсыздоо, климаттык өзгөрүүлөр менен күрөшүү жана башка маанилүү маселелерди чечүүнү көздөйт.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар