Башкы беткеСаясат жана коомКоомБыйыл көмүр баасы канча сом болушу мүмкүн

Быйыл көмүр баасы канча сом болушу мүмкүн

Кыргызстанда 2025-2026-жылдагы жылытуу мезгилине даярдык көрүлүүдө. «Кыргызкөмүр» ААКсынын башкы директору Кайрат Маматовдун айтымында, өкмөт көмүрдүн баасын тоннасына 2460 сом деп бекиткен.

Бааны Монополияга каршы кызмат көзөмөлдөйт жана аймактардагы расмий отун базаларында көмүр ошол баада сатылышы керек. Бул чара ортомчулар тарабынан бааны негизсиз жогорулатууга жол бербөө максатында кабыл алынган.

«Кыргызкөмүр» ишканасы көмүр казып алуу жана үзгүлтүксүз камсыздоого жооптуу. Керектөөчүлөргө сатууну жана жеткирүүнү көзөмөлдөө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын милдетинде. Бирок ишкана бийлик менен биргеликте отун базаларын ачып, көмүрдү белгиленген баада сатууга көмөктөшүүдө.

Кайрат Маматов белгилегендей, «Кара-Кече» разрезинде топурак тазалоо иштери жүрүп, Ош облусундагы Бешбурхан жана Кожо-Келен аймагындагы жаңы шахталар көмүр казууну жана жеткирүүнү көбөйтөт. Жалпысынан «Кыргызкөмүр» ишканасы 13 лицензияга ээ болуп, алардын жалпы запасы 618 миллион тоннага бааланат.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар