Украинанын президенти Владимир Зеленский 1-июндагы кайрылуусунда Орусиядагы аскер аэродромдоруна жасалган чабуул тууралуу айтып, ага 1,5 жыл даярдык көрүлгөнүн билдирди. Ал «Желе» деп аталган атайын операцияда 117 дрон колдонулганын белгиледи.
Зеленскийдин айтымында, операциянын кеңсеси Орусиядагы ФСБ бөлүмүнө жакын жайгашкан. Анын маалыматына караганда, канаттуу ракеталарды ташыган учактардын 34% жабыркаган.
1-июнда Мурманск, Иркутск, Иваново, Рязан жана Амур облустарындагы аэродромдордо жарылуулар болуп, социалдык тармактарда күйүп жаткан учактар тартылган видеолор тараган. Орусия бул чабуулдарды теракт деп атап, Украинага айып койгон.
Орусия бул окуяларды теракт деп жарыялаган. Коргоо министрлиги аэродромдор бутага алынганын тастыктап, бул үчүн Украинаны айыптаган.
Эске салсак, мунун алдында, 31-майда кечинде Брянскиде Москваны көздөй бараткан жүргүнчү ташыган поездге машина өтчү жолдогу көпүрө кулап, бери дегенде жети адам мерт болгон, 70тен ашык адам жараат алган, үчөөнүн абалы оор экени кабарланган. 1-июнга оогон түнү Курскиде товар ташыган поезд өтүп баратканда темир жолдогу көпүрө кыйрап, үч адам жараат алган. Орусия бул окуяларды дагы теракт катары мүнөздөгөн.