Кыргызстандын энергетика тармагында ири жаңылануу иштери уланууда. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, Үч-Коргон ГЭСинин экинчи гидроагрегатынын жана Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегатынын реконструкциясы толук аяктап, учурда тестирлөө иштери башталды.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында аталган гидроэнергетикалык объектилерге барып, модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Маалыматка караганда, Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегаты 100 пайыз жаңыртылып, анын натыйжасында станциянын жалпы кубаттуулугу 1200 мегаваттан 1440 мегаватка чейин жогорулайт.
Ал эми Үч-Коргон ГЭСинде экинчи гидроагрегат жаңыланып, ага кошумча 9 мегаватт кубаттуулук кошулду. Мындан мурда биринчи агрегат да толук алмашылып, кубаттуулук 9 МВтка көбөйгөн. Учурда калган эки гидроагрегатты 2026-жылы жаңыртуу пландалууда, андан кийин ГЭСтин жалпы кубаттуулугуна дагы 36 мегаватт кошулат деп күтүлүүдө.
Энергетика министрлиги билдиргендей, тестирлөө иштеринен кийин жаңыланган гидроагрегаттар толук өндүрүштүк ишке киргизилип, бул өлкөнүн энергия коопсуздугун камсыз кылууга жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө чоң салым кошот.
Мындан тышкары, министр Ибраев жакында ишке киргизилген Кара-Көл ГЭСинин ишмердүүлүгү менен да жеринде таанышып чыкты. Жалпы кубаттуулугу 18 мегаватты түзгөн ГЭС учурда штаттык режимде иштеп жатат.
Энергетика тармагындагы бул иштер Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын бекемдөө, аймактарды туруктуу энергия менен камсыз кылуу жана жашыл экономика багытына өтүү аракетинин маанилүү бөлүгү болуп эсептелет.

