whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
37.6 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыТүштүк Кореянын президенттик шайлоосунда Ли Чжэ Мён жеңди

Түштүк Кореянын президенттик шайлоосунда Ли Чжэ Мён жеңди

Түштүк Кореянын Тобуро Демократиялык партиясынын президенттикке талапкери Ли Чжэ Мён шайлоочулардын 49,4% добушун алуу менен жеңишке жетишти. Бул тууралуу «Рёнхап» агенттиги маалымдаганын kommersant.ru агенттиги жазды.

Ал эми «Жарандык күч» партиясынан Ким Мун Су 41,15% добушка ээ болгон. «Реформа» партиясынан Ли Чжун Сок — 8,34%, «Эмгек» демократиялык партиясынан Квон Ён Гук — 0,98%, ал эми көз карандысыз талапкер Сон Чжин Хо — 0,1% добуш алышты.

Түштүк Кореянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, шайлоого катышуу 1997-жылдан берки эң жогорку көрсөткүчкө жетип, 79%дан ашты. Жалпысынан өлкө боюнча 14 259 шайлоо тилкеси иштеди. Бул көрсөткүчкө мөөнөтүнөн мурда берилген добуштар да кирет. 29–30-май күндөрү өткөн мөөнөтүнөн мурда добуш берүүдө шайлоочулардын 34,74% катышкан.

Бул шайлоо 2024-жылдын декабрында мурдагы президент Юн Сок Ёлго импичмент жарыялангандан кийин дайындалган. Баштапкы планда шайлоо 2027-жылы өтүшү керек болчу.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар