Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыИсландияда Рейкьянес жарым аралында дагы бир вулкан атылды

Исландияда Рейкьянес жарым аралында дагы бир вулкан атылды

Исландиянын Рейкьянес жарым аралында дагы бир ирет вулкан атылды. Магма жердин кыртышын тешип чыгып, узундугу 700дөн 1000 метрге чейин созулган жарака пайда болгон. Бул тууралуу Исландиянын метеорологиялык башкармалыгы билдиргенин Еuronews жазды.

Акыркы маалыматтарга ылайык, абага калың түтүн көтөрүлүп, жерден кызыл лавалар агып жатат. Коопсуздук чарасы катары аймактагы туристтер менен жергиликтүү тургундар эвакуацияланды. Алардын арасында белгилүү “Көк лагуна” (Blue Lagoon) спа-борборунун меймандары да бар. Гриндавик шаарчасынан тургундар мурда эле чыгарылган болчу. 2023-жылдан бери ал дээрлик бош турат.

2021-жылдан бери аталган аймакта ушуну менен он экинчи жолу вулкан атылган учур катталды.

Метеорологиялык кызмат бул атылуу ири масштабдуу эмес экенин белгиледи.

Вулкан атылуусу Кефлавик эл аралык аэропортуна таасирин тийгизген жок. Учактар кадимкидей каттап жатат.

Ал эми 2010-жылы Эйяфьятлайокудль вулканы атылганда, Европанын аба каттамдары бир жума бою токтогон эле.

Исландия “мөңгү менен оттун өлкөсү” деп аталып келет. Геологдор бул аймактагы вулкандардын кайра-кайра атылышын жаңы вулкандык цикл башталганы менен түшүндүрүшөт. Бул активдүүлүк ондогон, балким, жүздөгөн жылдарга созулушу мүмкүн экендигин айтышат адистер.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар