Башкы беткеМаанилүүМамлекет эттин баасын көзөмөлдөөнү улантат

Мамлекет эттин баасын көзөмөлдөөнү улантат

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда эттин баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтү 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылганын билдирди.

Мындай чара эттин баасынын кымбаттоосун токтотуу, алып-сатарлык иштерди алдын алуу жана калк үчүн социалдык маанилүү продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Белгилей кетсек, өлкөдө эттин баасы кескин кымбаттап кеткендиктен, 11-августтан тарта этке мамлекеттик көзөмөл киргизилип, анын баасы 620-690 сомго чейин деп белгиленген. Бирок социалдык тармактарда базарларда жана соода түйүндөрүндө эт мындан да кымбат сатылып жатканы тууралуу маалыматтар айтылууда.

Кыргыз өкмөтү бодо малды жана майда жандыктарды өлкөдөн убактылуу чыгарууга тыюу салган. Мындай чаралар эттин жеткиликтүүлүгүн сактоо жана калкты негизги азык менен камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Экономика жана коммерция министрлиги калкка эттин баасын көзөмөлдөөнү улантып, мыйзамсыз баа кымбаттоо учурларын тез арада токтотууга аракет кылып жатканын билдирди.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар