Улуу жазуучу жана ойчул Чыңгыз Айтматов “Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу” дегени түбөлүктүн акылман сөзү. Адамзаттын тарыхтан сабак алышы эң кыйын маселе. Адамзат буга чейин кездешкен проблемалардын дээрлик баарын адам баласы өзү жараткан, дагы жаратып жатат, токтой турган эмес. Ага дүйнөдө басылбаган согуштар, мамлекеттердин жарыша куралдануусу, өзөктүк куралга улам күчөгөн умтулуусу күбө.
Атомдук кыргын: азабы менен алынбаган сабактары
1945-жылы 6-августта эртең менен Хиросима шаарына “Малыш” аталган бомба ташталып, Ал жерге жетпей, болжол менен 600 метр бийиктикте абада жарылган. Жардыруу шаарда 4,5 чакырымга чейинки күчтүү сокку толкунун жараткан. Абанын температурасы 4000°Cден ашкан. Ошончо бийиктиктен абада жарылганда да шаар кыйрап, алгачкы сааттарда эле миңдеген адам өлсө, бир нече убакыт ичинде 140 миңден ашык адам каза тапкан. Үч күндөн кийин Нагасаки шаарына “Толстяк” аталган бомба ташталып, 74 минден ашык киши курман болгон.
Эки шаар жер менен жексен болуп, дагы миңдеген адам атомдук чабуулдун кесепетинен кийин каза тапкан. Атомдук жардыруулардын кесепеттери бүгүн да сезилип турат. Атом бомбаларынын аталышы бетпактын, кара өзгөйлүктүн, текеберчиликтин, цинизмдин жеткен чеги. Кыргын салуучу курал эркелете аталса, ошол бомбаларды таштаган америкалык самолет Боинг Б-29 «Суперфортресс» учкуч Пол Тиббетстин өтүнүчү менен анын энесинин урматына Энола Гей Тиббетс (Enola Gay Tibbets) деген ысым ыйгарылган. Каргашалуу ал самолет ушу тапта АКШнын Улуттук авиация музейинде сыймыктуу экспонат катары сакталып турат.
Жапониянын Хиросима жана Нагасаки шаарларына атомдук бомбалар ташталганына 80 жыл толду. Жапонияда бул каргашанын 80 жылдыгы белгиленди, мүлдө калкы баш ийип аза күттү, бомба жарылгандагы алгачкы сааттарда тирүүлөй куйкаланып өлгөн миңдеген журтташтарын, андан кийин алган жаракатынан, оорудан келбесине кеткен кандаштарын жоктоду. Жапон премьер-министри Сигэру Исиба Мемориалдык кенотафка гүлчамбар коюп, сөз сүйлөдү. Баш министр Жапониянын өзөктүк куралга умтулбайбыз, жасабайбыз, жайгаштырбайбыз деген үч убадасын жана бир максатын – өзөктүк куралсыз дүйнө куруу мүдөөсүн бекем кайталады. Хиросиманын мэри Мацуи дүйнө эли кыйраткыч өзөктүк куралдан баш тартууга жана андай коркунучтан арылууга жалпы адамзат биригип далалат кылышы керектигин белгилеп, жаштарга кайрылып, өзөктүк курал адамзаттын түбүнө жетээрин эскертти.
АКШнын Хиросима менен Нагасакиге атомдук бомба колдонгону алигиче талаш. Экинчи дүйнөлүк согушту токтотуу жана адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн ушундай нерсе зарыл болгон дешет айрымдар. Башкалары Германия жеңилип, ансыз деле согуш аяктап калганда жүз миңдеген бейкүнөө адамдын өмүрүн кыйган атомдук чабуул акылсыздык деп эсептейт.
1941-жылдын 7-декабрында Жапон флоту күтүүсүздөн Гавай аралдарындагы АКШнын Перл-Харбор аскер-деңиз базасына кол салгандан кийин Вашингтон Жапонияга согуш жарыялап, Экинчи дүйнөлүк согушка тике аралашкан. 1945-жылдын 26-июлунда АКШнын президенти Гарри Трумэн Жапонияга «шартсыз багынуу» талабы менен ультиматум коюп, антпесе өлкө «тез жана толук жок кылынышы» мүмкүндүгүн эскерткен. Албетте, Америка атомдук бомбаны көргөзмөгө же музейге коюу үчүн жанталашып жасаган эмес. Согуштук курал согушта колдонулат. Буга чейин эч кимде жок курал кайсы бир жерде сыналууга жана калган дүйнөгө сес көрсөтүүгө тийиш
эле.
Хиросима менен Нагасаки кыйрагандан кийин Жапония багынып берген. 1945-жылы 15-августта император Хирохито элге кайрылып, жапон элинин жеңилгенин жарыялап, «кабыл алынгыс нерсени аргасыз кабыл алганын» билдирген. 2-сентябрда Токио булуңунда USS Missouri согуштук кемесинин бортунда расмий багынып берүү тууралуу документке кол коюлган. Ушуну менен Экинчи дүйнөлүк согуш расмий түрдө аяктаган.
Өзөктүк согушта жеңүүчү болбойт
1962-жылы дүйнөнү өзөктүк согуштун кырына такап барып, араң чечилген согуштук, саясий, дипломатиялык жана идеологиялык Кариб кризиси адамзатты ойлонтуп, чочуткандай болгон. 1968-жылы “Өзөктүк куралдарды жайылтпоо тууралуу эл аралык келишим” түзүлөт. 1970-жылы негизги өзөктүк куралга ээ беш мамлекет жана калгандары тарабынан бул Келишим ратификацияланат. Бирок өзөктүк согуштан адамзат чочуганы менен азыркы саясатчылар, башкаруу чөйрөсү, аскер башчылары жалкыбаптыр. Сөз адамдын оюн, ниетин туюнтат. Өзөктүк куралды колдонуу риторикасынын динамикасы жана масштабы кооптуу.
Адамзаттын тарыхы – согуштардын тарыхы, окумуштуу Жан-Жак Бабель (Швейцария) биздин заманга чейинки 3500-жылдан тартып 2000-жылга чейинки беш жарым миң жыл ичинде адамзат болгону 292 жыл (жалпы суммардык мааниде) гана тынчтыкта жашаган экен. ХХ кылымда эле эки дүйнөлүк согуштун азабын тартты, запкысынан али арыла элек. Саясатчылар менен аскер башчылар киши убалынан корко турган эмес, атом бомбасын сынап көрдү, тынчыбыды, жалкый элек экен. Дүйнө адамзатты азапка салган окуялардан тыянак чыгарбаптыр. Адамзат тагдырын чечкен аткаминерлер тарыхтан сабак албайт окшоду. Американын мурдагы коргоо министри Роберт Макнамара 2003-жылы Fog of War («Согуш туманы») документалдык фильми үчүн берген интервьюсунда Кариб кризиси тууралуу таамай айткан: «Бийликке эгедер кишилердин өзүм билемдиги менен өзөктүк куралдын акылга сыйгыс айкалышы адамзатты жер менен жексен кылат. Куба кризисинин башкы сабагы мына ушунда турат. Бүгүн 7500 стратегиялык өзөктүк дүрмөт бар, анын 2500и 15 мүнөт ичинде атууга даяр, көз ирмемде миңдеген чакырымга жетет. Ушунча курал бир-эки адамдын чечими менен атылышы ыктымал. Ушунун өзү эбегейсиз коркунуч эмеспи»
Албетте, эбегейсиз коркунуч. 1985-жылы ноябрда эсил кайран Михаил Горбачев менен Рональд Рейган “Өзөктүк согушта жеңүүчү болбойт жана андай согуш эч качан болууга тийиш эмес” деген тарыхый декларацияга кол койгон. Бүгүн ушул чындыкты өзөктүк курал тууралуу дискуссияда эстөөгө мажбурбуз. Адамзат кайра калыбына келгис боло турган кырсык, эми кайтып эсине келбей турган алаамат, жексен болуу келечегинен башка альтернатива. Эл башкарган, журт тескеген, лидер аталгандардын минтип өзөктүк согушту оозанып, ошондой куралды колдоном деп опурулушу дүйнө тагдыры кылдын учуна илингенин, өзөктүк ракеталар колдонулган глобалдык согуш босогодо турганын каңкуулайт.
Эмне кылганыбыз оң?
Биринчиден конфликтик маселелерди чечүүнүн жолу катары өзөктүк риториканы жана опузаны дароо токтотуу зарыл. Куралга ээ мамлекеттер сүйлөшө алат жана милдеттүү. Алар адамзат алдында жоопкерчилигин бекем түшүнүүсү зарыл. Эң негизгиси – бул лидерлердин адамзат алдындагы жоопкерчилигин сезүүсү жана “чабалдык, коркоктук кылды” деген айыптоолорго туруштугу. Лидермин дегендер жеке амбициясын, аскерий чөйрөдө популярдуулугун курмандыкка чалуусу эң негизги шарт.
Экинчиден, стратегиялык жана тактикалык куралдарды колдонуу боюнча жаңы, так макулдашууларды тезинен түзүү керек. 2010-жылдагы келишимди кайра карап, андай куралдардын чегин азайтууга жетишүү зарыл. Курал болгон соң колдонулат тура. Шылтоо издеп анча деле убара болбойт экен. Орусия менен АКШнын ортосунда өзөктүк куралды колдонууга жол бербөө тууралуу келишим бар. Бул келишимди аткарууга тараптар милдеттенме алып, потенциалдуу мамлекеттерди кошуу кажет. Күн тартибине чыккан соң, баарын токтотуп, өзөктүк курал боюнча өзөктүк жана ири державалар глобалдык конференция өтүп, жаңы макулдашууга жетишүүсү кечиктирилгис маселе.
Үчүнчүдөн, өзөктүк курал менен коркутуп жаткандар жана колдонгусу келгендер Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынында же башка бир аянтта тарых сабактарын четке какпай, мунасага келип, ылаажы табууга тийиш. Бул алардын ушул жерде жана азыр аткарууга тийиш милдети, лидерлердин адамзат алдындагы саясий жана укуктук жоопкерчилиги.
Алмаз ОКИН