whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
13.01.2026
0.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомАрхеологиялык изилдөө жүргүзүү иштерине өзгөртүүлөр киргизилди

Археологиялык изилдөө жүргүзүү иштерине өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койду.

Маалыматка ылайык, мыйзамдын максаты курулуш, жол куруу, жаңы жерлерди өздөштүрүү, карьер иштетүү же плотина куруу сыяктуу иштерди жүргүзүүдө, анын ичинде ландшафттын олуттуу өзгөрүшүнө алып келүүчү жана суунун каптоосуна себеп болуучу иштерде, инженердик-изилдөө стадиясында жана жерди которуу (трансформациялоо) учурунда археологиялык изилдөө процедурасын дебюрократизациялоо болуп саналат.

Алсак, мыйзам менен маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тарыхый-маданий мурастар объекттеринин табылышы мүмкүн болгон жогорку потенциалдуу аймактардын тизмесин бекитүү укугу берилди. Эгерде чегерилүүчү аймак ушул тизмеге киргизилсе, анда мындай аймакта археологиялык изилдөө жүргүзүү жана анын корутундусун алуу милдеттүү болуп саналат. Ал эми эгерде аймак тизмеге киргизилбесе, анда археологиялык изилдөө жүргүзүү жана тиешелүү корутунду алуу талап кылынбайт.

Мыйзам 2025-жылдын 18-июнунда  Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Гезит

2025-й в цифрах и фактах

Рост ВВП ВВП Кыргызской Республики в январе-ноябре 2025 г. увеличился на 10,2%.  Сильные инвестиционный и потребительский спрос продолжают составлять опору роста экономики. Инвестиции в основной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар