Башкы беткеРубрикаларБилим берүүСапаттуу билим берүү жана мектептердин жетишсиздигин жоюу маселеси талкууланды

Сапаттуу билим берүү жана мектептердин жетишсиздигин жоюу маселеси талкууланды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев  “Өкмөттүн акселераторлору” программасынын алкагында 100 күндүк реформаларды ишке ашыруу боюнча кезектеги кадамдарды сунуштады.

 

Негизги демилгелердин бири калк үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу максатында башталгыч жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу жеке мектептерди лицензиялоону жөнөкөйлөштүрүү болду.

Өкмөт башчы белгилегендей, жыл башынан бери “Өкмөттүн акселераторлору” программасынын алкагында 6 демилге көтөрүлүп, анын төртөө ийгиликтүү аяктаган.

Адылбек Касымалиев мамлекеттик мектептердеги, өзгөчө Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларда, ошондой эле Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы мектептерде орундун жетишсиздик көйгөйүн чечүү зарылдыгын белгиледи. Бул аймактарда калктын жыштыгы мектептердеги жайлардын толуп кетишине алып келүүдө, анын натыйжасында окуучулар эки-үч кезек менен окууга аргасыз болуп, балдардын билим сапатына жана мотивациясына терс таасирин тийгизүүдө.

«Жеткиликтүү билим берүү жана мектептердин жетишсиздигин жоюу биздин негизги милдеттерибиздин бири. Бүгүнкү күндө бул маселе мамлекеттик деңгээлдеги артыкчылыктуу багыттардын бири», — деди өкмөт башчы.

Ал белгилегендей, мамлекет тарабынан жаңы мектептер курулууда, ошол эле учурда өлкөдө окуучулардын саны өсүүдө. Буга байланыштуу Министрлер Кабинети жеке секторду бул маселени чечүүдө маанилүү өнөктөш катары карайт.

Адылбек Касымалиев жеке менчик билим берүүчү жайларды ачуу жана иштетүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, бул мамлекеттик мектептердин түйшүгүн азайтып, көп балдардын сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.

Учурда Кыргыз Республикасында 219 жеке менчик мектеп иштейт, алардын көпчүлүгү Бишкек шаарында (108) жана Ошто (54) жайгашкан. 2024-жылы жеке менчик мектептерге 33 лицензия, 2025-жылдын башынан бери дагы 21 лицензия берилген, бул жеке сектордун билимге болгон кызыгуусу өсүп жатканын далилдейт.

«Биз жеке сектор билим берүү тармагына, өзгөчө ири шаарларда активдүү катышып жатканын көрүп турабыз. Сапаттуу жеке менчик мектептерди көбүрөөк ачууга реалдуу мүмкүнчүлүк түзүү — биздин милдет», — деп белгиледи Адылбек Касымалиев.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар