Көптөгөн мекендештер Россияга агылып, ал жактан айрымдары ийгиликтерге жетишсе, кээ бирөөлөрү акчанын айынан жаза тайып кылмышка кириптер болушуп, темир тор артында отурушканы баарыбызга маалым. Кылмышты бири билип жасаса, бири билбей жасагандыктан, алардын баарын бир беткей жаманга чыгарып койгон болбойт. Ушундай күтүүсүз жерден тагдыры бузулгандарга кол сунуп, жыйырма жылдан бери Россия абактарындагы боордошторубузду Кыргызстанга которууда талбай эмгек кылып келе жаткан мекендешибиз Салтанат МИТИЕВАны азыр кыргыз эли жакшы тааныйт. Жол түшүп, Бишкекке келип калган экен, атайы жолугуп кепке тарттык.
-Салтанат айым, ушунча жыл кыргызстандыктарга жардам кылып келе жатыпсыз. Ошолордун ичинен сизге кайра таш ыргыткандар болдубу?
-Жок. Ушул кезге чейин соттолуучулардан бир да жамандык көргөн жокмун. Тескерисинче азыркыга чейин мен Кыргызстанга котортуп, абактан чыккан кыргызстандык кыз, уландардын сыйы үзүлө элек. Мекениме келгени биринен сала бири “Эже каяктасыз, мейман кылалы дедик эле?” деп байланышып жатышат. Мени алардын сыйынан дагы алардын бири дагы кайра соттолбогону сүйүндүрөт. Бул жакка келип сураштырсам бири фермерлик кылып, бири кафе ачып, бири тигүү цехин ачып жакшы ийгиликтерге жетишишиптир. Дагы экөө пицерия ачабыз деп имарат издеп жатышыптыр. Дагы бир кыз турмушка чыгып эки айлык кош бойлуу экен. Аны угуп алып андан бешбетер сүйүнүп жатам.
-Ушунча жаштарга жардам берипсиз, үйлөнгөндөрдөн сизди өкүл апа кылып шайлагандар болдубу?
— Бар, соттолгондордон 7-8 өкүл балдарыбыз бар. Азыр деле өкүл апа кылайын дегендер көп. Көбүнө апа эле болоюн дейм.
-Баракчаңыздагы баяндарыңыздан улам абактагы кыздарды “Кызым, кыздарым” дээриңизди билдим. Мынчалык энелик мээрим кайдан пайда болот?
— Менин уруксатымсыз апа дей алышпайт. Бирок, апасы жок кыздар өздөрү “Менин апам өтүп кеткен, сизди апа десем болобу?” дешет. Макулдугумду берген күндөн тарта апа дей башташат. Ансайын менде энелик мээрим ойгонот. Кечээ деле Степное айылындагы кызыма бардым. Ал менин тиземе башын коюп алып ушундай эркеледи. Абактагы соттолгон кыздардын көбү менин балам менен тең чамалаш болушкандыктан баарын кыздарымдай көрөм. Эми эненин балдары көп болгону жакшы го.
— Ошо Степноедеги Татема кызыңыздын тагдырын кыскача айта кетсеңиз…
-Ал кыз өз атасынан эрте ажырап, өгөй атасынын колунда чоңоюптур. Алар батирден батирге көчүп жашашып, кыз Дордой базарынан кардон чогултуп, акча кылчу экен. ªгөй атасы кыздын тапканына арак ичип алчу экен. Бир-эки жолу ал Татемага сексуалдык ыдык да көрсөтүптүр. Ошондо өгөй атасы апасы менен жаңжалдашып, бычактап койгон экен. Апасы каза болуп калып, өгөй атасы соттолуп кетиптир. Ошентип кичинекей сиңдисин Караколдогу балдар үйүнө алып кетишип, Татема Москвага келип ресторанда официант болуп иштеп калат. Батирлеп жашап жүрсө башка улуттагы бир аял “Тезирээк көп акчалуу болгуң келеби?” деп сурайт. Караколдогу сиңдиси чалган сайын “Эже качан келесиз, качан мени алып кетесиз” дей бергендиктен бул жактан эртерээк кетүүнү каалган кыз “Ал эмне жумуш?” деп сураса аял “Закладчик болосуң” дейт. Ал эмне жумуш экенин деле түшүнбөгөн, камалып кете турган кооптуу иш экенин да билбеген кыз анда бир ай иштейт. Ишке көнүшүп, картасына бир миллиондой рубль чогултканда кармалып калып, 5,5 жылга соттолуп, акчасы да толук конфискацияланыптыр. Негизи мен бул кыздын сотуна катышпай, котормочу да болгон эмесмин. Анан бул кыз бирөөлөрдөн телефонумду алып “Эже мен сизди угуп жүрөм. Мени которгонго жардам бериңизчи” деп суранып калды. “Ата-энең Кыргызстандан арыз жазсын” десем ал “Эже менин ата-энем жок” деди. Ошол сөздү уккандан кийин ага чыкккан өкүм менен тааныштым, менин көрсөтмөм менен ал кыз абактан жолугушууга уруксат алды. Биринчи жолуканда эле “Сен менин балам менен тең турбайсыңбы” десем ыйлап “Мен сизди апа дейинчи” деди. Ошондон тарта ал менин кызым болуп, аны кийин Кыргызстанга котортком. Кудай буюрса сегиз айдан кийин эркиндикке чыгат.
— Сизге абактан почта, вотсап аркылуу өтө көп каттар келет экен. Аларды сактайсызбы же кайсы бир убакыттан кийин жок кыласызбы?
-Вотсаптан келгендеринин кээсин сактап калсам, айрымдарын сактай албай калам. Кийин балким китеп жазсам пайдаланамбы деп почта аркылуу келгендерин айрыбай сактаганга аракет кылып келатам. Мунун баары мен үчүн бүтүндөй бир тарых. Келечекте “Абак көргөн аял” деген китеп жазып, ага Москванын жакшы жактарын да ачып бергим келет.
Себеби, Москвада бутуна туруп, сонун ийгиликтерге жетишкен жаш мекендештер канча. Башкалар алардын тажрыйбасынан мотивация алып “Биз да ушундай иштесек болот турбайбы” дешсе, абактагылардын тагдырын окуп, көрүп “Мындай кылган болбойт” деген бүтүмгө келишсе дей берем. Анан Кыргызстанда тышкы миграциянын плюс, минустарын чагылдырган бир телеберүү болсо жакшы болмок. Ал телеберүүдөн Россиядагы ийгиликтүү жаш кыздарды көрсөтүп, ошол эле кезде мендеги аянычтуу тагдырларды карапайым элге экрандаштырып берсек деп ниет кылып жүрөм. Балким, ал тилегим да ишке ашып калар. Ал жүзөгө ашса элеттен түз эле сыртка чыгып жаткан жаштарда “Мен жеңил акчага кызыкпай билим алып, таза жумуштарда иштесем болот турбайбы” деген көз караш калыптанат эле. Мисалы, бир телеберүүдө мен “Закладчик” болуп камалып калган кыздын баянын айтып бермекмин. Андан “Телеграммдагы” жеңил жумуш кооптуу экенин жаштар билип калмак. Бир жолу “закладчик” болуп жүрүп камалган эки кызга барсам мени таанышат экен. Бирөөнүн апасы фейсбуктагы менин жазгандарымды скриндеп ага жөнөтүп турчу экен. Ага карабай алар бул ишке барышкан. Иш берген куратор “Эгер кармалсаңар 25-30 миң рубль берип эле чыгарып алам” деп азгырыптыр. Эми минтип турмушка чыга элек 24 жаштагы жапжаш эки кыз 10 жылдан эркинен ажыратылып, Владимирдеги абакта отурушат.
-Сизге сотто котормочулук кылып берүү боюнча тектеш башка улут өкүлдөрү да кайрылышабы?
-ªзбектерге котормочулук кылып жүрөм. А которуу боюнча тажик, грузин, азербайжандар да кайрылышат. 1998-жылы 6-мартта мурдагы постсоветтик өлкөлөр башка өлкөдө соттолгон жаранды жаза мөөнөтүн өтөө үчүн өз мекенине которуу боюнча эл аралык конвенциясына кол коюшкан. ªзбекстан бул конвенцияга негедир кол койбоптур. Ошол себептен Россияда соттолгон өзбекстандык жаран мекенине котрула албайт. А тажик, грузин, азербайжан, кыргыз, казактар которула алат.
-Баса, мурда сиз үй, офис жыйнап да иштеген экенсиз. Азыр котормочулуктан сырткары эмне иш кыласыз?
-Ооба, башында иштечүмүн. Азыр ага убакыт жок. Алгач котормочулук кылып жүргөндө маянам аз болчу. Ошол кезде таңкы 5.30да туруп бир офистин полун жууп, айына 15 миң сом рубль алчумун. Ошонун бир тыйынын да коротпой абактагы кыздарга сарптачумун. Тааныштарым угуп алып “Сен анык келесоо экенсиң, ошолор үчүн уйкуңан кечип иштейсиңби?!” дешет, мен “Ооба, макул, силердики туура” деп кутулам. Абактагы кыздар “Эже иштеп жүрүп кантип эле бизге 5-10 сом бере албасын” дешпесин деп ал ишимди көпкө таштабай жүрдүм. Негизи мен башкаларчылап “Мобул кыз кыйналып калыптыр. Келгиле тыйын чогулта калалы” дегенди жактырбайм. Жардам кылсам өзүм көмөк кылайын дейм.
-Келечекте кыргыз мигранттарына юристтик, мыйзамдык жардам бере турган мекеме ачкыңыз келеби?
-Ооба, келечекте мен мыкты адвокат болуп, Кыргызстанда адвокаттык контора ачсам дейм. Мага апалар чалып “Кызым мен сага момунча акча бере албайм, бирок, ак батамды берем” дегендей адвокат болууну каалайм. Анткени, мен өз тажрыйбамда өтө көп адилетсиздикти көрдүм. Кээ бир сот процесстеринде адвокаттар сүйлөнчү, айтылчу сөздөрдү айтпай коюшат. Ошондо “Аттиң, моминтип айтса балким жакшы болот беле” деген күндөр болду. Ошондуктан ушул кыялымды ишке ашырганга аракет кылып жатам. ªз элиме, жериме кызмат кылсам, жергебизде адилетсиздик болбосо дейм.
— ªзүңүз дайыма эле башкаларды ойлоп, Асанкайгы болуп жүрөт экенсиз. Жеке турмушуңуз, үй-бүлөңүз тууралуу да айтып өтсөңүз…
— Менин жолдошум, бир уулум бар. Мени Салтанат кылып, дайыма колдоп жүргөн дагы ошол күйөөм. Балам юридикалык факультетти аяктады. Жолдошум мени түшүнгөндүктөн кээде кыргызстандык аялдардын билетине чейин өз акчабыздан сатып берген учурлар болду. Камалбай жардамга муктаж болгондорго да материалдык жардам кылып келатабыз. Анын баарын жарыялабай эле башкаларга сабак болсун деген ниетте кылганыбыздын 2-3 пайызын гана чыгарып коюп жатабыз. ªзүбүз эл катары чакан эле үйдө жашайбыз. Ашыкча байлыгыбыз деле жок.
-Жыйырма жыл ичинде жүздөгөн кыргызстандыктардын окуяларына, аянычтуу тагдырларына күбө болупсуз. Ошолордун ичинен жүрөгүңүзгө орноп калган кандай окуялар болду?
-2020-жылы карантин жарыяланып элдин көбү жумушсуз калган. Ошондо элчилик жеке сектордо иштеп жүрүп жумушсуз болуп калгандарды бекер хостелдерге жайгаштырган. Ошол убакта кыргызстандык 21 жаштагы кыз түн ичинде төрөйт. Эл укпай калсын деп аны салафанга салып, ваннадагы сууга тумчуктуруп өлтүрөт. Таңга жуук наристенин денесин таштанды челекке ыргытып жиберген. Аны селсаяктар таап алган. Ошол кыздын тергөөсүнө бардым. Тергөөчү кыздын колуна куурчакты берип “Кана кантип тумчуктурдуң” дегенде ал кылганын кайра көрсөтүп берди. Ошондо жүрөгүм башкача бир болк этти. Ошол эмдигиче эсимен кетпейт. Аны менен сүйлөшүп калганда “Эмнеге бул ишке бардың?” десем “Сүйлөшкөн жигитим Кыргызстанга кетип калып, туугандарымдан уялдым” дейт. Эмне дээримди билбей “Бирөөнүн өмүрүн кыйганга сага ким укук берди?” дептирмин. Муну 105-берене менен камалган кыргыз жигиттерге да көп айтам. Россияда таштанды балдар үчүн көчөлөрдө атайын бокстар коюлган. Кыз, келиндер өз канынан жаралган наристелерди өлтүргөндөн көрө ошондой бокстарга салышса аман калышат эле.
Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”

