Жумгалбек Шабданбеков УКМК төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды

0
17087

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Жумгалбек Кумарович Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Жарлык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана 71-беренесине ылайык чыгарылган.

Маалыматка ылайык, УКМК төрагасы кызмат ордуна дайындоо үчүн Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз