Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан бошотулушу боюнча үн катты.
“Кабар” агенттигине президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдиргендей, бул чечим мамлекеттин кызыкчылыгын эске алуу менен кабыл алынган.
Мамлекет башчысынын айтымында, аталган кадам коомчулукта жана мамлекеттик түзүмдөрдүн ортосунда бөлүнүп-жарылууга жол бербөө, тескерисинче, биримдикти чыңдоо максатын көздөйт.
«Бул чечим эң биринчи кезекте мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр ортосунда бөлүнүп-жарылууга жол бербей, тескерисинче, биримдикти чыңдоо максатында кабыл алынды», — деп президенттин сөзүн келтирди Аскат Алагөзов.

