Башкы беткеРубрикаларАймактарБалыкчыда мектепке заманбап китепкана курулду

Балыкчыда мектепке заманбап китепкана курулду

   Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жайгашкан №9 Шаршеналы Күрүчбеков атындагы орто мектебине жеке ишкер Аскарбек Күрүчбеков  TIGIBOOKS” аталышындагы заманбап китепкана салып берди. Анын ачылышы 8-июль күнү өттү.

Аталган иш-чарага Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева, Балыкчы шаарынын мэри Султан Кермалиев, шаардык кеңештин төрагасы Дастан Аманалиев, Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков, дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону, Олимпиада оюндарында байгелүү орундарды алган Айсулуу Тыныбекова, шаардык кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер жана шаар тургундары катышты.

Анын ачылышында режиссер Эркин Эгембердиев тарабынан “Эркин Тоо” гезитинин (азыркы “Кыргыз Туусу”) тарыхы тууралуу сахналаштырылган көрсөтүү коюлуп, төкмө акын Баян Акматов өзүнүн өнөрүн Балыкчы элине тартуулады.

Китепкана ачуу мен үчүн чоң сыймык

Аскарбек Күрүчбеков мектепке китепкана салып бергени чоң сыймык жана жоопкерчилик экенине токтолду.

“Бул мектеп менин чоң атамдын атын алып жүрөт. Бул жерге заманбап китепкана ачуу мен үчүн чоң жоопкерчилик жана сыймык.  Бул жөн гана китеп сактаган жер эмес,  бул интеллектуалдык жандуу мейкиндик,  жаңы идеялардын борбору, жаштардын жана келечектеги лидерлердин жолуга турган аянтчасы.  Бул жерде балдар китеп окуп эле тим болбостон, ойлонуп, изилдеп, өз долбоорлорун дүйнөлүк деңгээлде алып чыгышат деп ишенем. “TIGIBOOKS” китепканасы заманбап жабдыктар менен жабдылган. Булардын баары балдардын жана жаштардын шык жөндөмүн ойготот жана кыялдарын ишке ашырууга шарт түзөт”, – деди А.Күрүчбеков.

Облуста ушундай заманбап китепкана биринчи жолу ачылып жатат

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Айнура Султанбаева Ысык-Көл облусунун аймагында мындай заманбап китепкана биринчи жолу ачылып жатканын айтты.

“Балдарыбыз ушундай бардык шарты бар заманбап китепканада билим алганы бул чоң жетишкендик. Облусубузда мындай чоң китепкана биринчи жолу ачылып жатат. Муну мектепке белек кылып берип жаткан Аскарбек Күрүчбековго ыраазычылык билдирем”, – деди ал.

Өзүбүз үлгү бололу

Балыкчы шаардык кеңешинин төрагасы Дастан Аманалиев ушул китепканадан билим алып, Балыкчы шаарына эле эмес, жалпы кыргыз элине кызмат кылган жаштар чыгышына тилектештигин билдирди.

“Ушул китепканадан элдин керегине жараган мыкты жаштар тарбияланып чыгышына ишенем. Балдардын билим алуусуна Аскарбек мырзанын кошкон салымы зор экенин баса белгилеп кетейин”, – деди төрага.

Ал өз сөзүндө балдардын китеп окуусун кааласак, өзүбүз үлгү болушубуз керектигине токтолду. Анын айтымында, үйдө ата-эне дайыма китеп окуса, балдар да сөзсүз китеп менен дос болушат.

Иш-чаранын соңунда Аскарбек Күрүчбеков китепканага белекке китеп берген ар бир жаранга ыраазычылык билдирип, ушуга окшогон заманбап китепканаларды ар бир облуска бирден салуу ниети бар экенин айтты.

 

Султанбек АМАНБЕК уулу,
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар