(Чакан роман)
(Аягы. Башталышы өткөн сандарда)
– Бугулар менен сарбагыштар кырылышып атат, биринин канын бири төгүп, кыбаасы канмайынча эч бир пенде аларды токтотоор эмес, – деп Арстанбекке кабар келгенде акын жаткан жеринен дароо обдулуп өйдө туруп, анан кайра:
–Ушул жамандыкты кулагым укпай, көзүм көрбөсө деп тиледим эле, тилегим таш капты. Эми башы баш, багалчагы кара таш, – деп ары карап шалк
жыгылды.
Кийинчерээк узун кулак кабарчылардан:
– Баягы кырылышкан кыргыздар эмне болуптур, кабар-учар барбы, – деп кабар сураганда:
– Жакшы кабар жок, эмнени сураба – жалаң суук кабар. Сарбагыштын башына каран түн түшүптүр дейт, колго түшкөн Ормон ханды Балбай баатыр курсакка найза сайып жарадар кылып, тез эле бугуга келин болуп келген кызы Куландын үйүндө жан таслим кылыптыр деп кеп угуп атабыз, – дегенде Арстанбектин ого бетер ичинен кан өттү. Айласы куруганда кой, эмне болсо да Боромбай менен кабарлашайын, Боромбайдан кеп-кеңеш угайын деп, Ысык-Көлгө жол тартты…
Эки Нарындын жайлоосунан эртелеп аттанган Арстанбек көлгө кылаалай конгон Боронбайдын айылына кызыл күүгүмдө жетти. Далайдан бери баарлашып, кенен сүйлөшө элек Боромбай бий бир чети сүйүнүп, экинчи жагынан эмнеге айтпай–дебей Арстанбектин алыстан ат арытып келип калганына таң калып отурду.
Баарлаша келгенде Боромбай баягы эле орус менен ымалалашалы, керек болсо куран кармап, шерттешели, антпесе ушинтип отуруп кыргыздар бири-бирибизди кырып бүтмөй болдук деген оюнан эч бир артка кете электигин көрдү. Коконун да, сартын да, уйгурун да ала-тоолук кыргызга жакын жолотпой, эркин өсүп, эркиндикте жерин жердеген, жайлоосун жайлаган, эч кимге күнкор болбогон кыргызды гана көргүсү келген Арстанбекке казактын бетпак талаасын түрө камтып, Коконго колун созуп, эми кыргызга кызыгып келаткан орус оторчулугу кара түн менен кошо келген каскак сыяктуу кабыл алынды.
Өңү сары, көзү көк,
Орус келе жатыры.
Узун чөптүн баарысын,
Оруп келе жатыры.
Кыска чөптүн баарысын,
Коруп келе жатыры.
Заманың келди жакындап,
Тайган иттей такымдап, – деп муң-канды ак таңдай.
Акшыйрак менен Молдо-Тоонун сеңирлеринде кой жайып чоңоюп, атасы Буйлаштын алысты көрө билбеген кесиринен улам жөн жерден санда жок салбар атыкса да, кыргыздын оңу менен солуна, кыргыз менен казакка аты аттын кашкасындай таанымал Арстанбектин азыр ар бир сөзү дары эле. Акын азыр ар бир төкмөсү уккандын моокун кандырган, комузунун күүлөрү кулакка жат болгон ары сөзмөр, ары акылчы – даанышман болду.
Кырктын кырына келип, атагы алты сан кыргыздын бир учунан бир учуна тараган ак таңдайга бир жолуксак, жүзүн көрсөк дегендер Эки Нарын менен Жуукуга, ал эмес Молдо-Тоого чейин барып жүрүштү. Ошол учурда казактын атактуу жыраусу Каңтарбай Арстанбек менен айтышмакка бел байлап, Эки Нарынга келип түштү.
Бир жолу Боромбайдын өргөсүндө отуруп, дале болсо ошол кыргыздын казак туугандар менен болгон алакасына абай салган абройлуу бий Арастанбектин кулагына куп жага турган кепти ортого сала койбоспу:
– Арстан мырза, сага айта турган бир кеп бар, угасыңбы? Адатыңча ар кайсы жакка ала качпай, сабыр кылып ук, – деди Боромбай акынга сынагандай тиктеп. Арстанбектин акындыгына качан болсо терең таазими бар, сый, урматы бар бий төрүндө отурган төкмөгө сураныч иретинде да, суроо иретинде да кеп салып отурду.
– Эл жакшысы Боромбайдын сөзүн эч качан ала качып көргөн жок элем, ак чөп башта, бий аке, – деди Арстанбек, эмне кеп болду экен дегендей колундагы кымыз куюлган кесени дасторконго коюп.
– Мырзам, мындан бир нече ай башта, кулжа айынын ортосу ченде кадимки Аблай хандын чебереси, Уалихан төрөнүн өз уулу Шокан деген мырзаны ушул үйдө конок алдым. Көп нерсени кеп кылдык, казактын дагы бир төрөсү Тезек менен болгон мамилебизди айтып бердим. Ошондо Шокандын мага айткан кеби менен кеңеши эмне эле, айтып берейин сага, мынча болду. Анын бир эле кеңеши – жуңгар менен ойроттон, кытай менен калмактан сак болуп, эрте жарыкта орус менен алакага киргиле деди. Айтуусунда Аблай хандын казактары, орто жүздүн баш көтөргөн султандары бир-бирден орустун бийлигин таанып, ак падыша менен антташып жатыптыр. Кенесарынын башы кетип, кыргыздар ак падышага ак кызмат көрсөткөндөн бери Семей менен Омбудагы казактарга орустун көзү түз болуп, эми биз жакка, кыргыздарга, келечекте Кокон менен Букарга да мамиле жасайбыз деген ниети бар экен. Ошон үчүн ар качандан бир качан орусту каргап, тар заман эле тар заман деп какшап, элди ыйлата бербей, алды-артыңды кара, мырзам, – деди Боромбай кептин дарегин айтса да, данегин чакпай жылдыра сүйлөп.
Бийдин билермандыгына, журт башкарган чеберлигине баа бербей коюш эч бир мүмкүн эмес эле. Ошону менен бирге Боромбай бийдин эч бир оңолбогон орусчулдугуна акын чын дилинен таң берип отурду. Башка кайда барабыз, кимдин балтасын чабабыз, кимдин колун карайбыз, Кокондун баш терисин болсо өз көзүң менен көрүп, даамын татып келдиң деген ишааратты эң сонун түшүнүп отурду Арстанбек. Бирок акындын ою, акындын пикири – элдин эркиндиги, кызылдай кан төгүп, ойронуң түшкөн ойроттор менен кырылышып жүрүп ээлеген Ала-Тоодон, Ош менен Ысык-Көлдөн, Анжиян менен Аксыдан, Талас менен Нарындан кол жууп, өз жерибизде экинин бири боло албай, кул болуп да тул болуп, башка чапса былк этпес өлүк болуп калабызбы, туз жүктөсө былк этпес көлүк болуп калабызбы деген коркунуч ар качан акындын көкөйүндө коргошун болуп уюп калган эле. Боромбайга кулак салып отуруп, Арстанбектин көмөкөйүндө “Зар замандын” саптары келки-келки болуп жаралып, оозун ачса шурудай тизилчүдөй, нөшөр болуп төгүлчүдөй даяр турду. Аттиң, ар нерсеге абай салып сүйлөп, эч качан сыпаалыктан кетпеген Боромбай бий кеп тизгинин башка жакка билгизбей буруп кетти. Бирок Арстанбектин атын кылымга калтырган “Зар заманы” ошол күнү, ошол саатта жаралды сыяктанат…
Ал учурда качан болсо союлун көтөрө чуркап, алыс жерден жоо тапкансып, бирде солтого, бирде бугуларга доо арткан сарбагыштарга эле эмес, өзүнүн кара чечекей бугуларына да караманча жан тартпай турган кези эле Арстанбектин. Бири менен бири жоолашкан кыргыздар ушинтип отуруп тегерек четтеги дагы бир дөөлөттүн көзүн карайт деп санааркаган акын ал санаасын жеткен жеринде санат кылып сайрап, ыр кылып төгүп жүрдү. Аны уккан эл, айрыкча “Тар заманды” комуздун коштоосунда тыңшаган журт эч качан ыйлабай, боздобой туруп уга алчу эмес…
Ошентип, замандын агымы тескерисинен кетип, жакшы кабар дегендин түбү соолуп, устаранын мизиндей оодарылган алакайыр доор эч бир бүтпөчүдөй болуп турган кезде акылчысы да, замандашы да болгон Боромбай бий дүйнө салса болобу… Кандай маселени козгосоң да айта турган акылы бар, жубата турган сөзү бар Боромбайдын акырет көздөп кете бергени акын үчүн чынында да орду толгус жоготуу болду. Ак таңдай биринчи жолу ошондо жалгыздык эмне экенин, орду толбос бөксөрүү эмне экенин жаны ачыша, кабыргасы кайыша сезди жана туйду…
Боромбайдын көзү өткөндөн кийин Арстанбек Ош менен Анжиянга бир кайрылып барып келсем деп аябай ниет кылып жүрдү. Ушундай төрт тарабы тосулган туңгуюк заманда Алымбек даткадан акыл сурап, деги бул бир ууч тоолук кыргыздын тагдыры кандай болот, даткам, ой бериңиз, пикир бөлүшүңүз дей турган такилиби бар эле. Он алтыдан он жетиге карап, жаш болсо да Кокондун нечен төбөлдөрү менен жүздөшкөн, чыныгы атак-даңктын таттуу даамын Анжиян, Аксыны аралап жүргөндө таткан Арстанбек үчүн түштүк кыргыздар жанына өтө жакын, жүрөгүнө абдан ысык болчу. Ичкилик туугандарды дагы бир аралап, Аксы тарапка дагы бир баш багып, качан болсо жан дүйнөсүнө ысык нурун чачкан, эстеген сайын шуу үшкүрткөн ак сүйүүсү Пазилаттан кабар алсам дечү. Арга болсо дагы бир көрсөм, жок дегенде бир жолу карааны көзүмө чалынса, бир ооз болсо да үнүн уксам эки дүйнөдө эч бир арманым болбос… дечү ичинен. Бирок бул ниетин ишке ашырууга ошол эле Ат-Башы, Нарын тегерегиндеги ар кыл ыйкы-тыйкылар, тууган-урук ичиндеги толгон-токой абыгерчиликтерден улам эч бир буямасы келбеди. Ошентип ортодон бир нече жыл шуу этип өтүп кетти.
Арманы арылбаган Арстанбектин күйүтүнө күйүт кошкон дагы бир кабар эми Анжиян тараптан келди. Кайрылып дагы бир жолу Анжиян, Ошту аралап келсем, Алай менен Аксынын эли менен эми бир учурашсам деген тилеги күтүлбөгөн жерден таш капкандай болду. Алымбек датка Кокондо киши колдуу болуптур, Анжиян менен Оштун акими болуп, Кокондо экинин бири болуп бийлик жүргүзүп турган датка дүйнөдөн өтүптүр дегенде “А каран күн, кыргыздар бирин-бири кырганы аз келип, илгери Ормондон, андан соң Боромбайдан, ал аз келгенсип эми Алымбек даткадан айрылган экенбиз да” деп, нечен датканын жакшы сөзүн уккан, жакшы мамилесин, сыйын көргөн Арстанбек эми дагы бир арка белинен ажырап, дагы бир омурткасы омкорулгандай, күйүткө башы малынды. “Алда каран күн ай, былтыр эле камданып, былтыр эле жолго чыкканымда, даткамы бир көрүп калбайт белем” деп, далай күн тогуз толгонуп, арманы ичине батпай турду Арстанбектин. Аял аттуунун акылманы, Алымбектин акылына акыл кошуп, учун узарткан Курманжанды эстеди, эмдигиче апасы Төрөкан жыйылган жүктүн көрүнөө жерине жаап, Анжиян, Кокондон келген таарпы, Курманжандын белеги деп сары майдай сактап отурган кажары куржунду эстеди. Алысты да, жакынды да жаны-дили менен кабыл этип, жалпы кыргыздын күйүтүн жеке өзүнүкүндөй санап көнгөн ак таңдай үчүн Алымбектин дүйнөдөн мезгилсиз өткөнү чынында эле анын жеке күйүтү, жеке жоготуусу эле. Аттиң ай, эгер ошол жакта болгонумда даткамын жогун жоктоп, кошогумду кошпойт белем, Ош менен Анжияндын калкына Алымбектин ат көтөргүс аброюн айтып, ажат ачпайт белем деп жер муштап отурду ак таңдай…
Ошентип ар тараптан кубанта турган, жубата турган жакшы кабар кыскаргандан кыскарып, устаранын мизиндей оодарылган заман Арстанбекти эле эмес, жалпы калайык-калкты желкеден ныгыра басып турду. Ойронуң түшкөн оторчулук заманы да келди. Улуу ырчынын муунун сары оору алып, мурунку калыбынан, ден соолугунан кетип, эми акырет менен бетме-бет келгенге аргасыз эле. Дарты күчөп алсырап, басканга дарманы келбей, атка адатынча ыргып мингенге жарабай, алайлык бир акын айтандай “ак карлуу тоонун аркары, акындардын залкары” эми а дүйнө салганга ичинен да, сыртынан да даяр турду…
Арстанбек ак таңдай жарык дүйнөгө келгендеги акындык парзын, пенделик парзын толук аткаргандай, айта турган улуу сөзүн эч кимден жалтанбай, тартынбай туруп айтканын, ал сөзү алты сан кыргыз жер үстүндө аман болсо эч качан унутпай турганын сезген, билген кези эле…
Артында анын атын айтар эли-журту, кагылайын кыргызы бар Арс-танбек эми алдына кылычын сууруп ажал келсе да бир өлүмгө тике караганга даяр болчу. Өз тагдырын Жараткан Алланын колуна тапшырып, кылымда кымбат кыргызын бир Кудайга аманат кылып кете бере турган кез жуп келип калганын сезбей койбоду ак таңдай…
…Бала кезинде кой жайып жүрүп жалама зоонун бетиндеги уясына каалгый келип конгон бүркүттү көп эстээр эле. Суктанчу. Мен да кудум ушул кош канаттуунун алгыры, ийри тумшуктуунун кырааны сыңары учу-кыйырсыз ээндикти көздөй ээн-эркин канат кагып калкып кетсем ээ дечү. Мына быйыл Каркырада, андан соң Эки Наарынга күзгө таяп көчүп келгенде ушуну көп ойлонду. Оорусу күчөгөн сайын бу жарыктагы сапарым эрте эле карып баратабы, мен да бир күнү санаалашым Боромбайдын, журт көсөмү Алымбек датканын артынан бу жалган дүйнөдөн барса келбеске сапар чегемби деп санаа чеккен күндөр да болду. Бирок баары бир атпай журттун булбулу, адил сөздүн дулдулу Арстанбек ак таңдайды керт башынын абагерчилиги эмес, устаранын мизиндей оодарылган замандагы алты сан кыргыздын илме-кайып тагдыры көбүрөөк ойлонтту, көбүрөөк түйшөлттү.
Ошондо Жараткан Таала оозуна сала берип, кийин калктын калың катмарына тараган “Тар заманы” эки кылым өтсө да эскирбей да кирдебей, унутулбай, тескерисинче Арстанбек басса-турса кыялданган, эч кимге күнкор эмес, өз башына өзү ээ эгемен Кыргыз дөөлөтүнун ар бир адамы билген же уккан Улуу Сөзүнө, Улуу Мурасына айланаарын көрө билген киши баласы болду бекен?..
Жок, болгон жок. Жылдар өттү, замандар алмашты. Бектер кетти – бел калды. Хандар кетти – калк калды. Арстанбектин акындык арманы, эгеменчил сөзү Ала-Тоонун аскасы, Акшыйрак менен Молдо-Тоонун, Хан-Теңири менен Манас-Атанын, Алай менен Алайкунун ак кар, көк музундай түбөлүк калды. Эч бир унутулган жок.
Осмонакун ИБРАИМОВ

